![Максымбек Омокеев: Акысыз медициналык жардам берүү дайыма күн тартибинде турат Максымбек Омокеев: Акысыз медициналык жардам берүү дайыма күн тартибинде турат](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/01/58d7d4ec-6215-4ded-b068-3759739b6de4.jpg)
Омокеев Максымбек Коңколоевич, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун ош аймактык башкармалыгынын жетекчиси:
— Калкыбыздын саламатчылыгын сактоо жана бекемдөө биздин мамлекетибизде башкы максаттардан экени маалым. Мындан улам өтүп бараткан 2023-жылы да ушул багытта пландалган иштердин баарын аткарууга көп далалат жумшалды. Мамлекет тарабынан коюлган милдеттенмелерди аткаруунун үстүнөн Ош аймактык милдеттүү медициналык камсыздандыруу башкармалыгынын жамааты дайымкыдай күрдөөлдүү эмгектенди.
Ооруканалар, аптекелар менен келишимдердин негизинде аш алып барып, Мамлекеттик кепилдик программасынын чектеринде тиешелүү категорияларга: кош бойлууларга, тиешелүү курактагы жаш балдарга жана кары- картаңдарга, жалпы жарандарыбызга ден соолугунун жакшырышына көзөмөл жүргүзүлдү. Аталган программа боюнча акысыз медициналык жардам берүү дайыма күн тартибинде турат. Калкка медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын жакшыртууну улам өркүндөтүү көңүл борборунда экенин белгилеп кетемин.
2023-жыл соңуна чыгып баратат, жаңы 2024-жыл босогобузга аттап кирип келатат. Жаңы жылыбыз кут болсун баарыбызга. Кесиптештерди, гезит окурмандарын, жалпы эле замандаштарыбызды жаңы жылы менен куттуктаймын. Дайыма саламатта бололу, жергебизде тынчтык өкүм сүрүп, жакшылыктарда, бактылуулукта, бардарчылык жана бакубаттуулукта өмүр сүрөлү. Жаңы жетишкендиктер көп болсун!