![Нурлан Алашов: Өткөн жылдын биринчи чейрегинде окуучулардын билим сапаты- 44 пайызды түздү Нурлан Алашов: Өткөн жылдын биринчи чейрегинде окуучулардын билим сапаты- 44 пайызды түздү](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/01/56c14adc-b65c-45fc-83d7-0c22e599a468.jpg)
Нурлан Убраимович Алашов, Чоң-Алай райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы:
— 2023-жыл райондогу билим берүү мекемелери үчүн ийгиликтүү жылдардан болду. Учурда Чоң-Алай райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу 17 орто мектеп, 24 мектепке чейинки билим берүү уюму жана 1 балдардын чыгармачыл борбору иштеп жатат. 2023-2024-окуу жылында Чоң-Алай райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу Эсенкелди уулу Максатбек атындагы орто мектебинин жаңы имараты жана эки мектепке чейинки билим берүү уюмунда филиалдары ачылды. Мындан сырткары, Бурган-Суу айылында жаңы мектептин курулушу жана Чак, Дароот-Коргон айылдарында эки мектепке чейинки билим берүү уюмдары бүткөрүлүп, ишке берилүү үстүндө турат.
Райондогу билим берүү мекемелеринде 784 мугалим, 182 тарбиячы эмгектенет. Район боюнча 1-11-класстарда 5998 окуучу тартылган. 14 мектепте даярдоо класстары ачылып, анда 515 бала билим алышууда. Мектепке чейинки билим
берүү уюмдарында 1591 бала кабыл алынган.
Ошондой эле, Балдардын чыгармачыл борборундагы 27 ийримге 696 бала тартылып, 27 мугалим иш алып барууда.
2022-2023-окуу жылынын I чейрегинде окуучулардын билим сапаты – 44,3%ды түздү. ЖРТнын жыйынтыгы менен 17 орто мектептен 246 бүтүрүүчү катышып, босого баллдан өткөн бүтүрүүчүлөрдүн саны 140, орточо баллы -115,3 болсо, пайыздык көрсөткүчү 53,1%. 2022-2023-окуу жылындагы мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасында 3 окуучу облуста жеңүүчү болуп, республикалык турга катышкан, район облуста 5-орунда турат.
Окуучулардын билим сапатын баалоочу сынактарга (ЖРТ, олимпиада, “Алтын тамга”, PISA) даярдык көрүүдө сынамык тестирлөөлөр өткөрүлүп, мониторингдер жүргүзүлдү. Мугалимдер үчүн окуу семинарларды уюштуруу колго алынып, Сингапур методикасы, STEAM, PISA багытында 85 мугалимдин катышуусунда 5-майда окуу семинары өткөрүлдү.
РБББнын демилгеси менен 76 мугалим (математика жана кыргыз тили адистиги боюнча) ОшМУнун адистери тарабынан 17-18-майда А.Саит атындагы инновациялык орто мектебинде уюштурулду.
2023-жылдын 5-мартында 86 мугалимдин катышуусунда STEAM программасы боюнча окуудан өтүп, сертификаттарга ээ болушту.
Гезит бетинен пайдаланып, келаткан жаңы 2024-жылы менен жалпы педагогдорду куттукатаймын, чын ден-соолук, узун өмүр, бакубат жашоо каалаймын. Жаңы жылдык майрамыбыз кут болсун!