![Орозбай уулу Жеңишбек: Жошолуда көптөгөн көйгөйлөрдү чечүүгө жетиштик Орозбай уулу Жеңишбек: Жошолуда көптөгөн көйгөйлөрдү чечүүгө жетиштик](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/01/2aba7d29-a96b-4647-b19a-ab9ee499d9e2.jpg)
Орозбай уулу Жеңишбек, Алай районунун жошолу айыл өкмөтүнүн башчысы:
— Жаңы жыл – эң сүйүктүү жана жаркын майрамдардын бири. Бул майрам баарыбызды жалпы үмүттөр, тилектер жана келечекке умтулууларыбыз менен бириктирип келген майрам.
Өткөн жыл жемиштүү, аракетке бай, жигердүү иштердин жылы болду. Алдыда жаңы милдеттер турат, алардын эң маанилүүсү – курулуш тармагын өнүктүрүү, элдин социалдык абалын мындан да жакшыртуу. Дегенимдей, Жошолу айыл өкмөтүндө жакшы жылыштар болуп, көптөгөн көйгөйлөргө чекит коюуга жетиштик. Билим берүү, саламаттыкты сактоо, спорт, маданият, социалдык тармактарда жакшы жылыштар жүз берди. Быйылкы жылы бүткөрө албай калган жумуштарыбызды, кирип келген жылы, буюрса, ишке ашырабыз . Ал үчүн биздин аппараттын кызматкерлеринин иш тажрыйбасы да, билими да жетиштүү. Быйылкы жылы негизинен алдыга койгон иш пландарыбыздын дээрлик баарын ишке ашырдык, болгон аракетибизди жумшадык.
Мен өзүмдүн атымдан көздөгөн иштерибиздин алдыга жылышы үчүн кылган аракеттери, жогорку кесиптик деңгээлдеги ак ниеттүү эмгектери үчүн кесиптештериме чын дилимден ыраазычылык билдирип кетким келет.
Урматтуу улуу элим, кирип келген жылы алдыга койгон максаттардын ишке ашырылышын, жаңы жылдын ар бир күнү жакшылыктар менен коштолушун изги ниетимден каалаймын. Ар бириңиздерге бекем ден-соолук, тынчтык, бакыт, үй-бүлөңүздөрдө сүйүү жана түшүнүүнү каалап кетем. Жаңы жылыңыздар менен!