![Чамындылар Чамындылар](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/01/4133ceca-a279-4483-80d8-e7fcb0499705.jpg)
Түбүң түшкүр жашоо ушунусу менен кызык окшобойбу. Бир гана аалам сырлары ачылбаган сандыктай, туңгуюк, түпкүрдөгү сүрүнөн жазбай жашоо сырларынын табышмагы бойдон калып келген сыяктанат. Канткен күндө да өткөн кылымдын 60-жылдарынын орто ченинде элдин турмушу кыйла оңоло түшкөн сыяктанды. Турмуш тиричиликке жашоонун жаңы байым шарттары турмуштан орун ала жан жыргаткан таасирлерине маашырланган мезгилдин келгенине эл ыраазы экендиги жашоо шарттарынан көрүнгөнсүдү.
Ошондо айылга жолдор салынып, машина-трактор дагы башка шаймандар байма-бай келе баштады.
Башка жагы кандай экенине баам салуу кыйын болсо керек. Бирок, биздин айылга электр чубалгылары тартылып, ар бир үйгө ошол алтымышынчы жылдардын орто чендеринде келип жетти. Бул өтө өзгөчө көрүнүш. Ошондон илимий-техникалык прогресстин жолу, тоо арасындагы жашаган элдердин турмушуна айкалышканы өтө чоң прогресс эле.
Жанды эзген жашоонун бир кыпыны зер-зебеңди эзгени, анын жандырмагы кайда экен деген ой мүдөөсүн көз көрбөгөн туңгуюктан карайлаган кор сыяктуу жер сыйпалаганда алаканыңды ийне сайгандай мээңди ачуу чындык ок тийгендей чалкаңдан кетирсе жашанган турмушуңа турпатыңды ыраа көрбөгөн нечен кылымдарда камгактай башыңды колко кыла пендемин деп жашап келген тоо-тоодогу айылга электр жарыгынын келгендиги зор ийгилик тура. Мен айылдагы жашоо бир топ эле өзгөрүлө түшкөнүн мен мурунку өз эс тутумда байкалган жашоолорду көрбөгөн тестиер бала, бул көрүнүштөр биздейлерге жашоо курагыбызга караганда көп деле табышмактуу боло бербеген чыгар.
Атабыз менен апабыздын канынан жаралган баарыбыз эле ата-эне мээриминде жашоого келген ченден бери медер бага балапандарын жашоонун тагдырынын айлампасына салганы, андан аркы тагдыр тамашасы сыяктанат. Канчалык кагыла, каптала, согула көз көргөндү кулак укпаган, кулак укканды көз көрбөгөн, чарадай чоң казанга ботко кайнаткандай улуу жалындаган оттун табында боркулдаган ботконун, бозонун боткосундай боркулдаган турмуш ашмелтейинде канчалар миң, миллион, миллиарддаган адам жашоолору кайнаганынан, ошолордун уландысы катары биздин уңгубуз кур эмес экен деп келебиз.
Бул чындык. Андай болбосо биз бүгүн эле жарала калган жокпуз да, таң калычтуу деле эч нерсе жоктой. Кечээги эле өткөн жүз жылдыктын, Улуу Ата-Мекендик согуштан кийинки жашоолор тамашасында бизге окшогон кат-сабаты жок элдер, сөзмө-сөз, муундан-муунга өз берекеси катары айта аңгемеленген окуялардын сүрөттөлүшү бизге тарых катары карбаластанганын, танбай бүгүнкү санжырачылар
баамдаганы бизге тарых болгонсуйт.
Анан калса биздин ата-бабаларыбыз жөө, чечен эл болгонун жашыруунун өзү кыйын. Антпесе “Манас” сыяктуу чоң эпостор кайдан жаралды дейсиң жазмасы жок, китеби жок, кулактан кулакка тыңшаган мээсине жат жазуудай сиңирген эл тура. Атам Осмон да, элдик ооздон-оозго айтылган эпосторду жатка айта турган. Ал муну бирөөлөрдүн айтуусунан уламалаган чыгаар. Болбосо тамга тааныбаса кайдан.
Бала кезибизде “Жарык-жерден” түшкөндө салган жепирейген жер тамында, ар кимден угуп, эсинде жатка калган “Эр Төштүк”, “Курманбек”, “Эр Табылды”, “Кожожаш” сыяктуу эпосторду көпкө айтаар эле. Анан жоро бозо ичкенде, ала-гүү болгон тели-теңтуштары кыраан каткыга алдыра, атасынын бучкагына илээше ээрчип келген төртбеш жаштагы балдарды тооктун корооздорун уруштургандай, өздөрү ордо тарта олтуруп алышып, күрөшкө салышаар эле. Муну биз деле билип калдык. Андагы чиймеси жок, узун-туурасын өлчөбөй эле паам-ой менен курган үйлөрдүн чакан бөлмөлөрү, бозодон серп эткенден кийин ич-күптүү, эки бети кызарган жоро бозочулардын үй-ичин жара кыйкырык кыраан-каткы күлкүгө, сүрөмөгө толгон бөлмө жарылып кетчүүдөй, дакан короздон бешбетер боло уйпалашкан чөндөлөй балдардын күрөшүн сүрөөнгө алышаар эле. Анча мынчасы бозонун гүүсү мененби өздөрү да уйпалашкан учурлары болчу. Мындай күрөшкө мен да түшүп жүрдүм. Ошондонбу, аталарыбыз бозо ичкенде бизди калтырбай өздөрүнө кошо жетелеп жүрүшчү. Жаштыкпы же бала
кыялдыкпы бас деген жагына тартынбай бара турганбыз.
Эртеден кечке үймө-үй кыдыра, алпуруша күрөшө күн кечтей баштаганда үй-үйлөргө аталарыбыз кайтканда кошо кайтчубуз. Анда кыш катаал-тунук, калың кардуу болот эле. Үшүгөнүбүздү деле сезчү эмеспиз. Кийимдерибиз жамачы, көпчүлүк учурда колдо, үй шартында жасалган кийимдер боло турган, өзгөчө бут кийимдерибиз абат эмес эле. Териден же калың кийизден чамалап бутка көз ой менен ылайыктап жасалган болот болчу.
(Уландысы кийинки санда)
Маматазим жуманазаров