![Футбол боюнча улуттук кураманын Азия Кубогунда ойной турган акыркы курамы белгилүү болду Футбол боюнча улуттук кураманын Азия Кубогунда ойной турган акыркы курамы белгилүү болду](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/01/imgonline-com-ua-resize-msmybizmcp.jpg)
Штефан Тарковичтин жетекчилиги алдындагы Улуттук кураманын машыктыруучулар штабы 2023-жылкы Азия Кубогуна үчүн кураманын акыркы тизмесин жарыялады.
Кыргыз футбол союзу кабарлагандай, 26 оюнчудан турган курама БАЭде жана Катарда турнирге болгон даярдыгын улантат.
Улуттук кураманын акыркы тизмеси:
Дарбазачылар: Эржан Токотаев, Марсель Исламкулов, Султан Чомоев, Курманбек Нурланбеков.
Коргоочулар: Кайрат Жыргалбек уулу, Християн Браузман, Айзар Акматов, Бактыяр Дүйшөбеков, Тамирлан Козубаев, Бекжан Сагынбаев, Сүйүнтбек Мамыралиев, Александр Мищенко, Амантур Шамурзаев.
Жарым коргоочулар: Одилжон Абдурахманов, Адил Кадыржанов, Мерк Кай, Бекназ Алмазбеков, Мерк Кими, Гүлжигит Алыкулов, Нурдөөлөт Сталбеков, Атай Жумашев, Фархат Мусабеков, Азим Азаров.
Чабуулчулар: Эрнист Батырканов, Кожо Жоэл, Дастан Токтосунов.
Улуттук кураманын капитаны Валерий Кичин жаракат алып калганына байланыштуу Азия Кубо үчүн болгон оюндарда курамага жардам бере албайт. Ошондой эле, жарым коргоочу Алимордон Шүкүров БАЭге каршы оюнда жараат алып калган. Кыргыз футбол союзу Азия Кубогунун оюндары башталганга чейин Шүкүров калыбына келип калса, шашылыш түрдө курамга кошуларын билдирди.
![Футбол боюнча улуттук кураманын Азия Кубогунда ойной турган акыркы курамы белгилүү болду](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/01/415998308_18407771857000623_2999595115114628360_n-1024x1024.jpg)
Улуттук курама команда Азия Кубогуна даярдык өткөрүүдө. Анын алкагында Кыргызстан Сириянын командасы менен Дубайда беттеш өткөрөт. Оюн 5-январда болот. Беттеш машыктыруучулук мүнөзгө ээ болуп, жабык режимде жана эфирсиз өтөт.
Буга чейин «Ак шумкарлар» Өзбекстан, БАЭ командалары менен ойногон. Сирия менен 5-январда, Вьетнам менен 9-январда беттештер өтөт.
Азия кубогу 12-январдан 10-февралга чейин Катарда өтөт. Улуттук курама D тайпасында Оман, Сауд Арабия жана Таиланд курамалары менен ойнойт.