![Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жардам Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жардам](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/01/d9729423-07fc-4093-b14d-2472876a259a.jpg)
Кыргызстанда 180 миңден ашык майып бар, алардын ичинен 30 миңге жакыны 18 жашка толо элек өспүрүмдөр болуп эсептелет. 2008-жылы кабыл алынган тиешелүү мыйзамда, мисалы, ар бир мамлекеттик мекемеде эмгектенгендердин 5 пайызын мүмкүнчүлугү чектелген жарандар түзсүн деген квота берилген. Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын билим алышы өтө кыйын. Айта кетсек, мектептен жакшы билим албай калышат. Андан кийин ЖОЖдордон мыкты билим алууга мүмкүнчүлүктөр жок. Ошондуктан мекеме- ишканаларда иштей албайт. Мисалы, көчөдө жүргөндө ыңгайсыз абалда болушат. Араба менен жүргөн убактарда жолдун боюндагы тосмолордон өтүү, кичи автобустарга чыгуулары кыйындыкты жаратпай койбойт. Андыктан такси менен жүрүүгө туура келет. Ага акча көбүрөөк сарпталат. Пандус жасалса да анысы тек гана көрсөтмө үчүн жасалат. Ал майыптар үчүн ыңгайсыз.
Майып балдардын ата-энелеринин ассоциациясы акыркы 15 жылдан бери ийгиликтүү иштерди жүргүзүп жатат. 2009-жылы мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн борбор ачып, азыркы мезгилде уюмдун карамагында 147 мүмкүнчүлүгү чектелген өспүрүм балдар бар, алардын ичинен 80ни үйүндө, 67си реабилитациялык борбордо окушат.
Жеке ассистент
Жеке ассистент тууралуу айтсак, муктаж болгон балдарды караган адамдарга мамлекет тарабынан айлык акы берүү 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирген.Энеси да, атасы да жеке ассистент боло алат. Эки ата-эне тең иштебесе, эгер, иштесе жакындарынын бирине өткөрүп берсе болот. 60 жашка чейинки адамдар гана «ассистент» боло алат.
Каражаттар тартыш болгондуктан, биринчи кезекте баса албаган, отура албаган жана тамакты өз алдынча иче албаган балдар камтылган. Врачтар баланын ден соолугун текшерген соң, багууга дайыма муктаж же бирөөнүн багуусуна жана көзөмөлүнө дайыма муктаж деп берилген кортундунун негизинде Эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыктары менен бир жылдык мөөнөткө келишим түзүлөт. Эгер, ассистент боло турган адамдын I же II топтогу
майыптыгы бар болсо, III топтогу майып адамга ассистент болуп иштөөгө уруксат берилет.
Бир жерде эмгектенген адам, соттолгон адам ассистент боло албайт.
Ассистенттердин кызматынын акысы 1 бала үчүн 4900 сомду түзөт. Эгерде, үй-бүлөдө бирден ашык майып балдар болсо жана бир гана ата-эне иштесе, анда аларды караган ата-энесине, биринчи баласы үчүн толук көлөмдө, кийинкилерине 50% көлөмдө төлөнөт.
Жеке ассистентке керектелүүчү документтер:
— баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү же ID –паспорт;
— баланын майыптыгы жана четтен көрсөтүлүүчү жардамга муктаж деген негиздеме;
— соцкоргоо жетекчисинин атына арыз;
— жашаган жеринен үй-бүлөсүнүн курамы
тууралуу негиздеме;
— паспорттун көчүрмөсү;
— банктык эсеп.
Экспертиза жүргүзүү үчүн керектүү документтердин тизмеси:
— КРнын жаранын паспорту (ID-картасы);
— 18 жашка чейинки балдарга туулгандыгы тууралуу күбөлүк же паспорту (ID- картасы);
— Эмгек китепчеси (эмгек ишин жүргүзүү үчүн);
— 18 жашка чейинки жарандарга 1-тиркемесине саламаттыкты сактоо уюмунун жолдомосу;
— 18 жаштан ашкан адамдарга жобонун 2-тиркемесине, саламаттыкты сактоо уюмунун жолдомосу (жолдомонун жарактулуук мөөнөтү, толтурулган күндөн тартып 3 айга
чейин);
— Амбулатордук карта, стационардык дарылоо жөнүндө көчүрмө, ооруну тастыктаган медициналык документтер (консультация корутундулар, текшерүүнүн жыйынтыгы);
— Иштеген жарандар үчүн эмгекке жарамсыздык баракчасы.
Амбулатордук картага ВККнын протоколуна мөөр, стационардык дарылоо жөнүндө көчүрмөгө мөөр, МСЭКке жолдомого (088у) мөөр, даарыгерлердин колу керек.
Д.Мамажусупова, Ош шаарындагы фтизиатриялык райондор аралык МсЭКтин врач-эксперти