Кечээ, 8-январь күнү Ош шаарындагы «Царский Двор» кафесинин имаратынын жанындагы бир даана даракты кыркып салышкан. Коомчулук кафенин бузулушун талап кылып жатышат.
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ош регионалдык башкармалыгынан билдиришкендей, Ош шаарынын Ленин көчөсүнүн №324 б/2 дарегинде жайгашкан «Царский Двор» кафесинин имаратынын алдындагы Бака терек дарагынын жерден 2метр бийиктиктен эч кандай уруксаты жок, мыйзамсыз түрдө кесип, өсүмдүктөр дүйнөсүнө зыян келтирилгендиги аныкталып, «Царский Двор» кафесине 37 миң 639 сом 32 тыйын доо коюлуп, чара көрүү үчүн Ош шаардык ички иштер башкармалыгына бүгүн, 9-январь күнү кат менен материалдар даярдалып өткөрүлдү.
«Буга чейин Сулайман-Тоо МАБтын комиссиялык актысынын жана КРнын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл Министрлигинин Ош регионалдык башкармалыгына кайрылган катынын негизинде экологдор жеринде карап чыгып, 15 даана дарактардын кооптуу бутактарына бутоо иштери үчүн макулдук берген»,-деп айтылат маалыматта.
Ош мэриясынан билдиришкендей, Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы «Царский Двор» кафеси менен түзүлгөн келишимди үзгөнүн билдирди.
«Ленин көчөсүнүн №324 б/2 дарегинде жайгашкан 388 чарчы метр, 599 чарчы метр жерлерге жылына келишим түзүп, био жылда ижара акы катары 1 млн 750 сом төлөнүп жүргөн. Бир жылга келишим түзүлчү экен, жаңы жылдан баштап келишимди узартылган жок, келишим үзүлдү. Бул боюнча катты да тапшырып, тааныштырып келишти. Бошткула, мурдагы калыбына келтиргиле деп айтылды, эгер бошотушпаса дагы тиешелүү чаралар көрүлөт»,-деди Ош мэриясынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Ж. Сулайманкулов.