!["Женгонун" өлгөндүгү тууралуу маалымат жалган "Женгонун" өлгөндүгү тууралуу маалымат жалган](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/01/ee45151e75e2f093f773581a35a0139b_xl.jpg)
Жазаларды аткаруу кызматы ЖМКларга билдиргендей, «Женго» каймана аты менен белгилүү Кадыр Досоновдун өлгөндүгү тууралуу маалыматтар жалган.
Аталган кызматтын маалыматына ылайык, Кадыр Досонов учурда Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагында кармалып турат.
Буга чейин Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештеги жыйында Кадыр Досонов мыйзамсыз ишинен баш тартпаганын, кайра эле мурдагы иштерин кылып жатканын, андыктан аны Оштон Бишкекке алдырып жатканын айткан.