![20 жаштагы жаран аэропорттон ок-дарылар менен кармалды 20 жаштагы жаран аэропорттон ок-дарылар менен кармалды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/01/53086bd0-29cc-46b7-b42c-06989c3473d4-1.jpg)
2024-жылдын 6-январь күнү Өзгөн районунун 2004-жылы туулган тургуну М.уулу Б. «Ош» эл аралык аэропорту аркылуу Россия Федерациясына учуп кетүү үчүн келип, текшерүүдөн өтүп жатканда анын сумкасында 1 даана белгисиз калибрдеги патрон жана 1 даана кастет бар экендиги аныкталган.
Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, бул факты Ош облустук ички иштер башкармалыгына каттоого алынып, тийшитүү текшерүү иштери башталган.
![20 жаштагы жаран аэропорттон ок-дарылар менен кармалды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/01/8f6fcd12-11ec-4d1e-a865-d6c29841f339.jpg)
«Белгисиз калибрдеги патронго жана кастетке тийиштүү экспертизалар дайындалган. Эскпертизанын корутунудусуна ылайык, патрон- АКС-74, АКС-74У, АК-74 жана РПК-74 автоматтарына колдонулуучу 5,45 калибрдеги атууга жарактуу ок экендиги аныкталган. Топтолгон материалдын жана экспертизанын корутундусунун негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренеси (Куралды, ок дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү М.уулу Б. тергөө кызматына камсыз болду»,-деп айтылат маалыматта.
![20 жаштагы жаран аэропорттон ок-дарылар менен кармалды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/01/1e57ece5-0e91-4659-970e-af8cc4f2ffd0.jpg)
Учурда окту кайдан алгындыгы боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат.