![«Эмил Жамгырчиев Салим бойбаччанын жардамчысын да «кидайт» этиптир»,- К. Ташиев «Эмил Жамгырчиев Салим бойбаччанын жардамчысын да «кидайт» этиптир»,- К. Ташиев](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/01/1070565179_182_175_2679_2048_1920x0_80_0_0_c4741c22b4c89a9859aae5a34933eb88.jpg)
Бүгүн, 10-январь күнү Жогорку Кеңеш депутат Эмил Жамгырчиевдин кылмыш иши боюнча жыйын өткөрүүдө. Жыйында депутат Сүйүн Өмүрзаков Эмил Жамгырчиевдин өзбекстандык жаран Салим Абдувалиев менен жолугуп келгени боюнча сурап, бир катар маселелерге токтолду.
Өз кезегинде УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Салим Абдувалиевди сурак кылып келишкенин, ал баарын айтканын айтты.
«Сүйүн Абдуллаевич, мен ушул жерден бир нерсени баса белгилеп койгум келет. Урматтуу депутаттар, силер ушуну билип алсаңыздар. Биз, мына прокуратура кылмыш ишин козгоп бергенден кийин, биздин тергөөчүлөр, ыкчам кызматкерлер Ташкентке барып, биздин коллегалар менен чогуу Салим бойвоччаны сурак кылып келдик. Протоколдорубуз турат. Аны сурак кылдык. Ал толук бойдон бардык көрсөтмөлөрүн берди. «Ооба, Жамгырчиев келген мага. Менден жардам сураган. «Ошол мамлекеттик чоң кызматтагы адамдарды тартипке салып бериңиз, Кыргызстан тартипсиздик болуп кетти» деп жардам сураган. Бирок, мен Кыргызстанга кийлигише албайм деп айткам» деди. Андан сырткары, анын (Салим бойвачча) жардамчысы, айдоочусу айтып жатат. Бул биздин Жамгырчиев, депутатыбыз, ал жерге барып жөн эле жардам сурап, тияк-бияк болуп келе бербестен, Салимбайдын жардамчысын, мындайча айтканда «кидайт» этиптир да. Мына ошону ачык айтып жатат. Салимбай өзү айтып жатат. Бир нече күн анын мейманканасында жатып, акчасын төлөбөстөн качып кетиптир. Ошондо Өзбекстанда ага эки кылмыш иши козголду. Бири мошенничество, экинчиси чек араны мыйзамсыз кесип өтүү боюнча»,-деди К. Ташиев.
«Азаттык» жазгандай, Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартуу маселеси боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын төрагасы, депутат Алишер Эрбаев Эмил Жамгырчиев 2022-жылы “Салимбай байбача” деген каймана ат менен таанымал Өзбекстандын жараны Салим Абдувалиевге жолугуп, колдоо алыш үчүн Кыргызстандын чек арасынан мыйзамсыз өткөнүн айтты.
Былтыр 27-декабрда башкы прокурор Курманкул Зулушев депутат Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат сураган. Парламенттин төрагасы Нурланбек Шакиев эл өкүлүнө Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренеси менен айып тагылганын билдирген. Аны жоопкерчиликке тартууга уруксат берүү же баш тартуу жана козголгон кылмыш ишин иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүлгөн.
9-январда комиссия жабык жыйынында Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берген. “Азаттыкка” парламенттеги ишенимдүү булактар билдиргендей, ушул эле күнү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөөчүлөрү депутатка суракка чакыруу кагазын берүүгө аракет кылышкан. Жамгырчиев фракциялашы Нилуфар Алимжанованын иш бөлмөсүнө кирип, Жогорку Кеңештин имаратынын 2-кабатындагы терезеден секирип түшүп, чыгып кеткен. Азыр каякта экени белгисиз.