![Камчыбек Ташиев Имамидин Ташовдун айткандары боюна жооп берди Камчыбек Ташиев Имамидин Ташовдун айткандары боюна жооп берди](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/01/81990c57a3890631462bf6fceddf142a_xl.jpg)
Бүгүн, 10-январь күнү Жогорку Кеңеш депутат Эмил Жамгырчиевдин кылмыш иши боюнча жыйын өткөрүүдө. Анда «Ата Журт Кыргызстан» фракциясынан депутат Мейкинбек Абдалиев Имамидин Ташов айткан 100 миллион сом боюнча маселеге кызыкты.
«Урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич, мына биз ММКдан окуп, көрдүм да, бир Ташов деген биздин жараныбыз сизди 100 млн сомду сурадыбы, талап кылдыбы деп айтып жатат да. Ушуга бир, коомчулук көрсүн, ачыгын айтып коюңузчу, кандай ушул маселе?»,-деди М. Абдалиев.
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев түнкү саат 1:30-2лерде президент ага ушул маселе боюнча чалганын айтты.
«Түнкү саат 1:30-2лерде болсо керек, президент мага чалып айтып калды. «Мобул жерде бирөө чыгып алып, андан 100 млн сом сенин немелериң сураган турбайбы» деп. Мен эмне болуп кетти экен деп издеп тапсам, анан кийин ошол Имамидин Ташов деген «KG-ГРУПП» деген компаниянын генералдык директорубу, кожоюнубу ошентип айтып чыгыптыр. «Мына 52 млн кассага төлөтүштү, анан «100 млн сом «карманга» төлөйсүңөр» деп мени ушундай кылды» деп айтыптыр да. Эми бул боюнча айтып коеюн, урматтуу туугандар.Соттун чечими менен, уруксаты менен биз Имамидин Ташовдун отурган жеринде, башкалар менен сүйлөшкөн сөздөрүн жаздырып алганбыз. Видеосүйлөшүүсүн жаздырып алганбыз. Ал жерде эмне деп сүйлөшүп жатат? Имамидин Ташовду эмне үчүн камаганбыз, ушуну айтып коеюн. Бишкек шаарында, азыр менин эсимде жок кайсыл үй экен. Бир үйдүн жашоочулары мага кайрылышкан. «Мына ушул жерде биз канча жылдан бери жашап жатабыз, кызыл китеп ала албай жатабыз. Биз кыйналып жатабыз. Светти өндүрүшчү катары төлөп жатабыз. Газ, сууга өндүрүшчү катары төлөп жатабыз. Ташовго чара көрүп бериңиз» деп. Ташовду чакырып, сүйлөшкөнүбүздө, чынында эле ошол жашоочулар айткандай болуп чыкты. Ташовду биз камаганбыз. Камагандан кийин Ташов бизге эмес, ошол Бишкек шаарына келтирилген зыян- 52 млн сомду төгүп берди. Эми мунун айтып жаткан 100 млн сому боюнча. «Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери сурады» деп жатат. Соттун чечиминин негизинде, ал ошол СИЗОдо отурган жеринде сүйлөшкөндөрүн биз бүт тартып алганбыз. Ал жерде бул Тилекмат Куренов деген менен сүйлөшүп жатат. Экөө сүйлөшүп, пландарды түзүп, Кыргызстанда кайсыл күнү переворот кылышынан бери сүйлөшүп жатышат. «Ушу күнү Кыргызстанда переворот кылабыз, ушундай кылып чыгабыз, сен ушинтип айтып койсоң эл ишене берет. Желек чыкты, башка чыкты, давай ушуну экөөбүз жасайбыз» деп экөө сүйлөшүп жатат. Бир нече күн сүйлөшүштү. Андан кийин ошого карабастан, 52 млн төлөп бергени үчүн биз Ташовду чыгардык. Дагы байкадык, дагы эмне деп сүйлөшөт экен булар деп. Качан переворто кылат экен деп тим койдук. Андан кийин бул жүрүп, ушул видеосун чыгарды.Дагы бир видеосун жаздырып алдык. Анда бирөөсү «100 млн сом деп айтып кое бер, эл ишене берет» деп айткан. Элди эле козгой бер деп айткан. Азыр Имамидин Ташовго издөө жарыяладык. Азыр каерде качып жүрөт, бирок, баары бир кармайбыз»,-деди К. Ташиев.
Имамидин Ташовго өткөн жылдын октябрь айында УКМК тарабынан кылмыш иши козголгон.