![Баткен: Кадамжайда 23 жаштагы келин күйөөсүнөн токмок жеп каза болгону айтылууда Баткен: Кадамжайда 23 жаштагы келин күйөөсүнөн токмок жеп каза болгону айтылууда](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/01/14982417_125_0_1192_800_1920x0_80_0_0_19faf6f1440b16792ceb3e5ef5e6150a.jpg)
Баткен облусунун Кадамжай районунун А. Масалиев айылында 23 жаштагы келин күйөөсүнүн токмогунан улам каза болгон. Бул тууралуу Turmush басылмасы маркумдун тууганадарына шилтеме берүү менен жазды.
Келиндин агасы Нургазы Пиржанов аталган басылмага билдиргендей, карындашы дүлөй жана сүйлөй албайт болчу. Күйөөсү да дүлөй болгон. Буга чейин да маркум келин күйөөсүнөн токмок жеп, ооруканада дарыланган.
Маркум бир нече күн мурун эле күйөөсү сабаганын эжелерине айткан. Эжелери маани берген эмес. Күйөөсү 3 күн уруп, качып бара жаткан жеринен кармап алып, башын жанчып, муунтуп өлтүргөн. Окуяга күбө болгон айылдаштарын көргөндөн кийин күйөөсү качып кеткен.
«Азаттык» Баткен ОИИБге шилтеме берүү менен жазгандай, окуя 2-январда болгон. Тергөөдө шектүү жубайы менен Ирелеш айылынын Садыков көчөсүндө баратып уруша кетип аялын муунтканы, маркум аба жетпей ошол эле жерде каза болгону аныкталган. Келиндин сөөгүн кароодо анын сол көз тарабында көгөргөн жаракаты жана моюнунда кол менен муунтулган белгилер табылып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголду.
![Баткен: Кадамжайда 23 жаштагы келин күйөөсүнөн токмок жеп каза болгону айтылууда](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/01/2387992.92eeb7aad79bf999ed1faaa635ea25eb.max_.jpg)
Каза болгон келин Айкыз Калмурза кызы. Сүрөт: Turmush.kg
23 жаштагы келин угуу жана сүйлөөсү боюнча 1-топтогу майыптыгы бар болгон. Кылмышка шек саналып кармалган жолдошу да угуусу жана сүйлөөсү боюнча майып. Келин буга чейин да жолдошунун ур-токмогуна кабылганы боюнча жакындарына даттанганы кабарланды. Жубайлардын алты жана үч жаштагы эки кызы бар.