![Ош облустук милициясынын жетекчилиги 72 жаштагы ардагердин акыбалынан кабар алды Ош облустук милициясынын жетекчилиги 72 жаштагы ардагердин акыбалынан кабар алды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/01/7a6d1c84-390f-4d0b-b76e-667003ae07f0.jpg)
11-январь күнү Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги жана ардагерлер кеңешинин төрагасы Ош шаарында жашаган ички иштер органынын ардагери, 1952-жылы туулган Сулайман Маматовдун үйүнө барып, ден соолугун сурап, акыбалынан кабар алды.Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Сулайман Маматов эмгек жолун 1982-жылы Алай райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөтчү кызматынан баштап, 1999-жылы ардактуу эс алууга чыккан.
Ал эмгек жолунун басымдуу бөлүгүн шарты катаал, кыш мезгили дээрлик 6 айга созулган Алай районунун Сары-Таш айыл аймагында өтөгөн.
Ардагерлер — кыргыз милициясынын өсүп-өнүгүшүнө, коопсуздуктун сакталышына жана өсүп келе жаткан муунду тарбиялоодо зор салым кошуп, тажрыйба менен бөлүшүп келишет.
![Ош облустук милициясынын жетекчилиги 72 жаштагы ардагердин акыбалынан кабар алды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/01/d88a4225-25fe-4639-a4ba-d26fbdf4c99c-1024x682.jpg)
«Өмүрү өрнөк ардагерлерибиздин биздин жашообузда бар болгонуңун өзү чоң бакыт, чоң тиренич, дем, күч жана ишеним. Калкыбыздын коопсуздугун сактоодо, кылмыштуулук менен күрөшүүдө жана милициянын аброюн көтөрүп, элибиздин ишенимин артырууда жасаган эмгектери зор»,-деп айтылат маалыматта.
Өз кезегинде ардагер Сулайман Маматов милициянын бугүнкү күндө аткарып жаткан иштерине ичи жылып, ички иштер органынын ардагери болгонуна сыймыктанаарын айтып, ыраазычылык билдирди.