![УКМК Ташов менен Куреновдун төңкөрүш жасоо аракетине катыштыгы бар делген жарандарды кармады УКМК Ташов менен Куреновдун төңкөрүш жасоо аракетине катыштыгы бар делген жарандарды кармады](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/01/7ba6b608-3347-4c1a-8ae0-cec74445bf26.jpg)
Мурда маалымдалгандай, Кыргыз Республикасынын УКМКсы конституциялык түзүлүштү жана эгемендүүлүктү коргоо маселелерин чечүүнүн алкагында И.Ташов жана Т.Күренов (Т. Кудайберген уулу) тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында массалык баш аламандыктарды уюштуруу менен бийликти күч менен басып алуу боюнча даярдыктарды көрүү фактысын аныктаган.
УКМКнын маалымат борбору кабарлагандай, бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүмүндө жана 245-беренесинде каралган “Бийликти күч менен басып алуу”, “Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу” кылмыштын негизинде кылмыш иши козголгон.
![УКМК Ташов менен Куреновдун төңкөрүш жасоо аракетине катыштыгы бар делген жарандарды кармады](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/01/994f4d70-5657-4b5f-a14c-6fe688cec7be-1024x768.jpg)
Бүгүнкү күндө И.Ташов менен Т.Куренов тергөөдөн жашырынып, кылмыш ишинин алкагында издөөгө алынган.
«Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында өлкөнүн ар кайсы аймактарынан И.Ташовдун жана Т.Куреновдун ондогон тарапташтары жана активдүү өнөктөштөрү аныкталып, алар тиешелүү түрдө суракка алынып, толук көрсөтмөлөр берилген. Анын ичинде И.Ташовдун даярдалып жана уюштурулган иш-чараларды финансылык жактан каржылоосу боюнча маалымат алынды. Натыйжада айрым негизги тарапташтары кармалды, аларга карата бийликти кулатуунун кылмыштуу пландарына катыштыгы бар экендиги тууралуу ырастоочу маалыматтар алынган»,-деп айтылат маалыматта.
М.А.И. аттуу жаран Ош жана Жалал-Абад областтары боюнча координатордун милдетин аткарып, ар кандай негиздер боюнча (кандайдыр бир социалдык-экономикалык чыңалуу, ККМ, ЭТТН көйгөйлөрү ж.б.) массалык нааразылык акцияларын өткөрүү үчүн адамдарды чогултуп, уюштурушуу керек болгон, ошондой эле, анын милдеттерине акча таратуу жана адамдарды Бишкекке ташууну уюштуруу кирген.
![УКМК Ташов менен Куреновдун төңкөрүш жасоо аракетине катыштыгы бар делген жарандарды кармады](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/01/a7131d9e-2757-497a-be78-ca22cb9155a9-766x1024.jpg)
Мындан тышкары, Талас облусунан К.А.К. аттуу жаран алып келинип, кармалды, анын негизги милдети АКШда ар кандай адамдардан акча которууну уюштуруу болгон. Мындан тышкары, И.Ташовдон анын наамына ири өлчөмдөгү акча каражаттары которулгандыгы боюнча бир нече фактылар аныкталган.
![УКМК Ташов менен Куреновдун төңкөрүш жасоо аракетине катыштыгы бар делген жарандарды кармады](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/01/398ee964-ef1d-44ef-9abe-df853198ff00-768x1024.jpg)
И.Ташовдун жашаган жеринде жүргүзүлгөн тинтүү иштеринин натыйжасында ири акча каражаттар, кымбат баалуу унаалар жана башка материалдык баалуулуктар табылып, алынды.
![УКМК Ташов менен Куреновдун төңкөрүш жасоо аракетине катыштыгы бар делген жарандарды кармады](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/01/9d735093-c68f-4235-ae72-4a1486c07b61-1024x768.jpg)
Учурда бардык жагдайларды аныктоо жана төңкөрүштү уюштурууга тиешеси бар башка адамдарды кармоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
![УКМК Ташов менен Куреновдун төңкөрүш жасоо аракетине катыштыгы бар делген жарандарды кармады](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/01/af7776b2-ea7c-4524-8c80-c613c5fc44a5-1024x768.jpg)