![Жарандардын өзгөчөлүгүн пропагандоолого айыпталган жаран кармалды Жарандардын өзгөчөлүгүн пропагандоолого айыпталган жаран кармалды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/01/ed545962-f476-4f26-a8b5-19e20a9a9a2e.jpg)
УКМК тарабынан К.К. аттуу КР жаранынын “Фейсбук” социалдык түйүнүндө Кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган кылмыш иши болуп саналган, региондорго таандык белгилери боюнча жарандардын өзгөчөлүгүн пропагандалоого багытталган тенденциялуу, провокациялык материалдарды жарыялаган ишмердиги аныкталып, ага бөгөт коюлду.
Атайын кызматтан билдиришкендей, 2024-жылдын 9-январында К.К.нын үйүндө тинтүү жүрүп, КРде аймактар аралык тынчтыкка жана ынтымакка каршы кылмыш жасоого колдонулган, буюм далили катары уюлдук телефон табылып алынган.
![Жарандардын өзгөчөлүгүн пропагандоолого айыпталган жаран кармалды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/01/089fa2f5-7d89-4d8a-a40f-37e638fd174f-1024x768.jpg)
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.