![Ошто "Коен" каймана аты менен белгилүү жаран кайрадан кармалды Ошто "Коен" каймана аты менен белгилүү жаран кайрадан кармалды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/01/cffb7e05-d2db-45d0-980c-b9ff0c07e88c-1.jpg)
Ош шаардык сотунун 2024-жылдын 12-январындагы токтому менен, Кыргыз Республикасынын КЖКнын 209-бер. 2-б. 1-п. менен айыпталган Н.М.К.карата бөгөт коюу чарасы катары үй камагы түрү тергөө мөөнөтүнө, т.а. 2024-жылдын 9-мартына саат 16:34гө чейин колдонулган.
Ош облустук сотунун басма сөз кызматы билдиргендей, айыпталуучуга үй камагынын шарттарын бузган учурда, ага карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы колдонулары түшүндүрүлгөн.
Айыпталуучу Н.М.К. карата коюлган чектөөлөрдүн аткарылышына контролду жүзөөгө ашыруу Ош ШИИна жүктөлгөн.Токтом жарыяланган күндөн тартып 5 сутканын ичинде Ош облустук сотуна апелляциялык тартипте даттанууга укуктуу экендиги белгиленген.
Сот токтом кабыл алууда төмөндөгүлөргө негиздеген:
Соттук отурумда жактоочу Джакипова Т.Т. айыпталуучу Н.М.К. тергөө органынан эч жакка качпастыгын, анын өздүгүн жана жашаган жери аныкталгандыгын, тергөөнүн жана соттун чакырууларына өз убагында келип турууга милдеттенгенин, угузулган айыбы анча оор эмес кылмыштардын түркөмүнө киргенин, жабырлануучу менен элдешип, жарашуу келишими түзүлүп, тосмо арыз берилгендигин, бул кылмыш иш кыскартылууга жатаарын, карамагында жашы жетелек бир кызы бар экендигин эске алуу менен, анын жактоосундагы Н.М.К.карата бөгөт коюу чарасы катары үй камагы түрүн колдонуп берүүнү суранган.
«Соттук отурумда жабырлануучу Сатаров А.А. тергөөчүнүн өтүнүчүнө каршы чыгып, Н.М.К. келтирилген чыгымды толугу менен кайтарып бергендигин, тосмо арыз берип, жарашуу жөнүндө келишим түзүлгөнүн, толугу менен келишимди колдоорун билдирип, айыпталуучуга карата бөгөт коюу чарасы үй камагы түрүн колдонуп берүүнү суранган.
Сот айыпталуучуга карата бөгөт коюу чарасын тандап жатып, анын өздүгү жана туруктуу жашаган жери тастыкталгандыгын, жаштыгын, анча оор эмес кылмыштарды жасагандыгы боюнча айыпталып жаткандыгын, мурда сот жообуна тартылбагандыгын, жабырлануучунун тосмо арызын, жарашуу жөнүндө келишим түзүлгөнүн, жабырлануучунун пикирин эске алган»,-деп айтылат маалыматта.