![Ош: таза суу долбоорунун үчүнчү этабы башталды Ош: таза суу долбоорунун үчүнчү этабы башталды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/01/419075434_708740754778158_3798377142355397975_n.jpg)
default
Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Ак-Буура дарыясынын Даңги участогунан шаарга суу алуучу башкы тосмого чейинки аймакка диаметри 1000 мм болгон 2400 метрди түзгөн суу түтүгүн тартуу ишине старт берди.
Ош мэриясынын басма сөз кызматы таркаткан маалыматына караганда, мэр Бакытбек Жетигенов аталган долбоордун маанилүүгүн белгилеп, алдыда жасалчу иштерди өз мөөнөтүндө сапаттуу бүткөрүүнү тапшырды.
Бул долбоор шаарды таза суу менен камсыз кылуунун үчүнчү этабы болуп, маселеге чекит коет. Даңги тилкесинде алгач бийиктиги 7 метрди түзгөн дамба курулат. Бул 20-мартка чейин бүтүшү керек. Андан соң узундугу 2400 метр болгон суу түтүгүн тартуу каралган. Жумушту толук түрдө бүткөрүү үстүбүздөгү жылдын август айына белгиленген.
![Ош: таза суу долбоорунун үчүнчү этабы башталды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/01/418962688_708724804779753_3850187419086296126_n-1024x735.jpg)
Долбоор Азия өнүктүрүү банкынын (АБР) колдоосунун астында Ак-Буура дарыясынын жогорку тарабынан таза суу тартуу максатында ишке ашууда. Шаар аймагы кеңейип, калктын саны улам өсүп жатат. Андыктан таза сууга болгон муктаждык күн санап арта берет.
Бул долбоордун ишке ашуусу менен көп жылдык сууга болгон муктаждык чечилет.
![Ош: таза суу долбоорунун үчүнчү этабы башталды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/01/418964692_708725988112968_8986772307044501674_n-1024x674.jpg)