«Коен» каймана аты менен белгилүү Н.М кайрадан колго түштү. Ал мурдагы кылмыштары үчүн сот тарабынан үй камагына чыгып жүрүп, кайрадан кылмыш жолуна түшкөн. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалымата ылайык, 2023-жылдын 30-октябрь күнү Ош шаарынын Курманжан-Датка көчөсүндө жайгашкан күрөөканалардын бирине “Айфон 14 про макс” үлгүсүндөгү жаңы коробкада алып келип, аны жаңы, ачылбаган телефон катары күрөөканага коюп, 50 000 сом акчаны алып кеткен. Ал эми күрөөкана ээси акчаны кайтаруу мөөнөтү өтүп кеткендиктен коробканын ичин ачып караганда, ичинде 5 даана темир больт чыккан. Күрөөкана ээси арыз менен Ош шаардык ички иштер башкармалыгына кайрылган.
«Ыкчам иштердин жүрүшүндө, 2024-жылы 10-январь күнү Ош ШИИБдин КИБдин кызматкерлер тарабынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. 2024-жылы 12-январь күнү Ош шаардык соту тарабынан бөгөт коюу чарасы каралат»,-деп айтылат маалыматта.
Шектүү Н.М. 1995-жылы туулган. Криминалдык чөйрөдө “коен” деген каймана ат менен белгилүү. Кара-Суу районунда туулган, улуту кыргыз, билими орто, үй-бүлөлүү, 2015-жылы КРнын КЖКнын (эски редакциясы менен ) 170-беренеси(опузалап талап кылуу), 2016-жылы 165-беренеси (мал уурдоо), 2017-жылы 167-беренеси(тоноо), 2022-жылы 280-берене, 2023-жылы 280-беренеси менен соттолгон, иштебейт; Кыргыз Республикасынын жарааны, улуту кыргыз, аскерге милдеттүү, каттоо боюнча Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну. Мурда бир нече кылмыш жоопкерчилигине тартылып, анын үстүнөн тергөө иштери жүргүзүзгөн. Акыркы жасаган кылмыштуу аракеттери үчүн милиция тарабынан кармалып, дагы Ош шаардык соту тарабынан үй камагына чыгарылган. Үй камагында жүрүп, кылмыштуу аракеттерин токтотпостон, кайрадан алдамчылык жасоону уланткан.