![Ош: Кара-Сууда мурдагы мамлекеттик кызматкерлер кызматынан кыянаттык менен пайдаланган деген шек менен кармалды Ош: Кара-Сууда мурдагы мамлекеттик кызматкерлер кызматынан кыянаттык менен пайдаланган деген шек менен кармалды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/01/b575a89b-6dbe-4254-a01e-367d4ee9e5ca.jpg)
Кара-Суу районунда “Кадастр”, банк жана мамлекеттик кызматкерлер кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген шек менен кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, ИИМдин КИББнын 4-Башкармалыгынын жана Ош областык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген шек менен бир катар аткаминерлер кармалды.
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын Кара-Суу филиалынын кызматкерлери тарабынан Кызыл-Кыштак айыл аймагындагы участокто жайгашкан турак жайдын курулушун аяктоо боюнча эскертүү берилгени аныкталган. Ошондой эле, курулуш аяктагандыгы тууралуу аталган билдирүүнүн негизинде «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Кара-Суу филиалынын кызматкерлери тарабынан турак жайга техникалык паспорттор берилген. Бул дарекке адистердин ишинин сапатын текшерүү үчүн Кара-Суу филиалы тарабынан түзүлгөн атайын комиссиянын мүчөлөрү жөнөшкөн. Жер-жерлерде жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгы менен комиссиянын мүчөлөрү жогоруда көрсөтүлгөн участокто эч кандай имарат жок экенин аныкташкан.
Аталган факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ош облустук ички иштер башкармалыгынын жанан ИИМдин КИББнын 4-Башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын негизинде, Кара-Суу районунун мамлекеттик мекемелеринин биринин жерге жайгаштыруу бөлүмүнүн мурдагы адиси 1978-жылы туулган О.Б. жана Кара-Суу районунун архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын мурдагы адис жана бөлүм башчысы 1984-жылы туулган С.К. аттуу шектүүлөр кармалып, камакка алынган.
![Ош: Кара-Сууда мурдагы мамлекеттик кызматкерлер кызматынан кыянаттык менен пайдаланган деген шек менен кармалды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/01/7fb4f486-973e-49e7-9f3a-01f897dd5ad3.jpg)
«Тергөө амалдарынын жүрүшүндө, Кара-Суудагы банктардын биринин насыя берүү бөлүмүнүн башчысы И.О. өзүнүн кызматтык милдеттеринен аша чаап, банктын кызыкчылыктарына каршы жана жеке пайда алуу максатында, Кара-Суу районунун тургундары менен өз ара сүйлөшүп, жогорудагы кыймылсыз мүлк бирдигинин техникалык паспортунун пайдаланышып, аларга насыя алууда документтерди жасалмалоо жолу менен банктан 18 125 000 (он сегиз миллион бир жүз жыйырма беш миӊ) сомдук насыя алууга жардам берип, банкка өзгөчө ири өлчөмдөгү зыян келтиргендиги аныкталган.Топтолгон материалдын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексини 245-беренеси (Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу) менен кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү И.О. да камакка алынды»,-деп айтылат маалыматта.
![Ош: Кара-Сууда мурдагы мамлекеттик кызматкерлер кызматынан кыянаттык менен пайдаланган деген шек менен кармалды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/01/761f806b-ff77-4e73-ae2b-1a2d539e1b93.jpg)
Кармалган кызматкерлер Ош облусунун Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
![Ош: Кара-Сууда мурдагы мамлекеттик кызматкерлер кызматынан кыянаттык менен пайдаланган деген шек менен кармалды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/01/1389a5cb-15c2-41a4-b75e-5b3de6513bf1.jpg)
Учурда кылмышка тиешеси бар башка жарандарды аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары уланууда.