![Азия Кубогу: Бүгүн Кыргызстан менен Таиланд ойнойт Азия Кубогу: Бүгүн Кыргызстан менен Таиланд ойнойт](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/01/419211481_779666377537088_3691742664452835758_n.jpg)
Бүгүн, 16-январь күнү саат 20:30да Катардагы Абдулла бин Халифа стадионунда футбол боюнча Кыргызстандык улуттук курамасы Таиланд курамасы менен ойнойт.
Бул беттештин калыстар бригадасын иорданиялык ФИФА калысы Адхам Мухаммад жетектейт.
Адхам Мухаммедке каптал сызыктарда анын мекендештери — Мухаммад Мустафа жана Ахмад Муанесс жардам беришет. Ким Хенг (Корея) резервдик арбитр болуп дайындалган.
VAR-системасында БАЭлик адистер Адел Али жана Хасан Мохамед иштешет.
Кыргызстан курамасы «F» тайпасында жайгашкан. Анда Сауд Арабиясы, Оман, Таиланд курамалары бар. Бул тайпанын оюндарынын жүгүртмөсү төмөндө:
![Азия Кубогу: Бүгүн Кыргызстан менен Таиланд ойнойт](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/01/417880026_18408534937000623_4012585386992970652_n-1024x1024.jpg)