![Бишкектен алыс эмес жерде тик учак кулап, бир адам каза болду Бишкектен алыс эмес жерде тик учак кулап, бир адам каза болду](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/01/bez-nazvanija-e1705475244287.jpg)
Бишкек шаарынан алыс эмес жерде тик учак кулаган. Бул маалыматты Коргоо министрлиги расмий түрдө ЖМКларга тастыктады.
Маалыматка караганда, 17-январь күнү окуу-машыгуу учурунда Абадан коргонуу күчтөрүнүн тик учагы жерге катуу конууга мажбур болгон. Жабыркагандар бар.
Учурда окуя тууралуу Коргоо министрлиги жана Абадан коргонуу күчтөрү териштирүү иштерин жүргүзүүдө. Кошумча маалымат берилери айтылды.
![Бишкектен алыс эмес жерде тик учак кулап, бир адам каза болду](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/01/bez-nazvanija-1.jpg)
«Ми-8» тик учагы Бишкектин түндүк батышында кулап, 1 адам каза болуп, 7 киши жаракат алган.