![Ош: "аялым менен жакын мамиледе болдуң" деп акча опузалаган жаран кармалды Ош: "аялым менен жакын мамиледе болдуң" деп акча опузалаган жаран кармалды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/01/17cd44cf-234f-4bbb-bb97-7e8414ca1942.jpg)
2024-жылдын 16-январь күнү Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө 1995-жылы туулган М.уулу С. арыз менен кайрылган. Анда 2023-жылдын октябрь айында Шайыра деген келин менен сүйлөшүп жүргөн кезде ал келиндин С. аттуу таанышы “Мен анын күйөөсүмүн, сен менин келинчегим менен жакын мамиледе болгонсуң, жооп беришиң керек”- деп коркутуп, 50 000 сом опузалап акча талап кылып жатканын билдирген.
Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, бул факты каттоого алынып, топтолгон материалдын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголуп, ыкчам-тергөө аракеттери башталган.
![Ош: "аялым менен жакын мамиледе болдуң" деп акча опузалаган жаран кармалды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/01/354035aa-9a01-4dec-9799-d6d4444d2401.jpg)
«Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында 2024-жылдын 17-январь күнү Ош шаарында өзүнүн автоунаасынын ичинде опузалап талап кылган акчанын 15 000 (он беш миң) сомун алып жаткан жеринен кылмышка шектүү катары 1974-жылы туулган М.С. аттуу жаран кармалып, камакка алынды»,-деп айтылат маалыматта.
Учурда ыкчам-тергөө амалдары уланууда.