![Кара-Суу: төлөм терминалындагы 85 000 сом акчаны уурдоого шектелген жарандар кармалды Кара-Суу: төлөм терминалындагы 85 000 сом акчаны уурдоого шектелген жарандар кармалды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/01/bf687cec-8a71-45f7-a90c-d769b1805f2b.jpg)
2023-жылдын 30-ноябрь күнү Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө Отуз-Адыр айыл амагынын 1993-жылы туулган А. С. арыз менен кайрылган. Анда 2023-жылдын 29-ноябрдан 30-ноябрга караган түнү үйүнүн жанында жайгашкан дүкөнүнө белгисиз атуулдар дубалын бузуп киришип, товарларын жана “О” компаниясынын терминалын бузуп, ичиндеги 85000 сом акчасын жашыруун уурдап кетишкендигин билдирген.
Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, бул факты боюнча каттоого алынып, топтолгон материалдын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам-тергөө аракеттери башталган.
«Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чаралардын негизинде Жалал-Абад облусунун Сузак районунун 1987-жылы туулган А.Н., аттуу тургуну Бишкек шаарында из жашырып качып жүргөн жеринен шектүү катары кармалып, камакка алынды.Тергөө амалдарынын жүрүшүндө шектүүнүн дагы башка 2 кылмыштуу шериктери да бар экендиги жана алар Сокулук районундагы башка уурулук фактылары боюнча шектелип, камакка алынгандыгы маалым болду»,-деп айтылат маалыматта.
Шектүүлөр алдын ала сүйлөшүп алып, Отуз-Адыр айыл аймагындагы 2 дүкөнгө киришип, 2 акча салуучу терминалды бузуп, ичиндеги акчаларды алышып, кылмыштын изин жашыруу максатында видеобайкоо камералардын жазып туруучу түйүнүн (жесткий диск) чыгарып алышып, каналга ыргытып жибергени аныкталды.
Учурда тергөө амалдары уланууда.