![Ош: Араванда дарыканалардан акча уурдаган топ кармалды Ош: Араванда дарыканалардан акча уурдаган топ кармалды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/01/313031565768595_big.jpg)
2023-жылдын 21-декбрында Араван райондук ички иштер бөлүмүнө С.Юсупов айыл аймагынын 2001-жылы туулган Д.О. арыз менен кайрылган. Анда 2023-жылдын 21-декабрь түнү дарыканасынын эшигин белгисиз атуулдар бузуп киришип, ичинен 30 000 (отуз миң) сом акчасын жана видеобайкоонун жазып туруучу түйүнүн (жесткий диск) уурдап кетишкендигин билдирген.
Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, Ушул эле күнү дагы бир 1984-жылы туулган М.Г.аттуу жаран арыз менен кайрылып, дарыканасынын эшигин белгисиз бирөөлөр бузуп, кирип, акча жана башка буюмдарын урдап кеткендигин билдирген.
Окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу чыгып, тийиштүү иш-чараларды жүргүзүп, топтолгон материалдын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам-тергөө аракеттери башталган.
![Ош: Араванда дарыканалардан акча уурдаган топ кармалды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/01/42e6c3f7-561a-4971-8a00-0f9c349f55cb.jpg)
Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чаралардын негизинде Араван районунун 2001-жылы туулган А.О., 2004-жылы тулган Р.У. жана Ош шаарынын 2004-жылы тулган И.А. аттуу турундары кармалышып, камакка алынды.
![Ош: Араванда дарыканалардан акча уурдаган топ кармалды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/01/94733e11-71b5-44fd-b812-451f738224fe.jpg)
Учурда шектүүлөрдүн башка кылмышка тиешеси бардыгын аныктоо боюнча ыкчам-тергөө амалдары уланууда.
![Ош: Араванда дарыканалардан акча уурдаган топ кармалды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/01/ef992e45-73b3-42e1-8534-5e1fbaba6152.jpg)