![Ошто 8-кабаттан түшүп кеткен 28 жаштагы жигит каза болду Ошто 8-кабаттан түшүп кеткен 28 жаштагы жигит каза болду](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/01/8c9679f0-51ed-483f-8474-b66b28ae63f9.jpg)
Иллюстрациялык сүрөт
Ош шаарынын Авиценна көчөсүндө курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн 8-кабатынан 28 жаштагы жигит түшүп кетип каза болгон. Бул маалыматты Ош ШИИБдин басма сөз кызматы тастыктады.
Маалыматка ылайык, «Карагай курулуш» ЖЧКсы куруп жаткан үйлөрдүн биринен кулаган 1996-жылы туулган М уулу А Кара-Кулжа районунун тургуну. Бул окуя кокустук катары катталып, териштирүү иштери жүрүүдө.