![Оштогу ресто-бардын кызматкерлерине зомбулук көрсөткөн жаран кармалды Оштогу ресто-бардын кызматкерлерине зомбулук көрсөткөн жаран кармалды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/01/417496734_792783679560860_2736447606830927888_n.jpg)
Ресто-бардын кызматкерлерине үстөмдүгүн көрсөткөн 31 жаштагы тургун 3 суткага камалды. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, 23-январда Ош шаардык соту тарабынан 1993-жылы Алай районунда туулган, Ош шаарынын тургуну Р.Ж-вдин иши каралып, аны Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндөгү кодексинин 126-беренеси (майда бейбаштык) боюнча күнөөлү деп таап, 3 суткага камакка алууга чечим чыгарып берди.
«Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмү тарабынан кармалган жаран ушул жылдын 5-январь күну түнку саат 03.00 чамаларында өзүнүн досу менен биргеликте Ош шаарындагы “Эне-Сай” ресторанынын ресто-барында туулган күн белгилеп отурушуп, аталган ресто-бардын кызматкерлерине зомбулук көрсөтүп, алардын жеке абийирине шек келтирген сөздөрдү айтып, сөгүп коомдук тартипти бузган. Бул боюнча кызматкерлер арыз менен милицияга кайрылышкан»,-деп айтылат маалыматта.
Кармалган Р.Ж-в мурда кылмыш жоопкерчилигине бир нече жолу тартылган, ИИМдин атайын тизмесинде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсу катары турат.