![Өзгөндө мурдагы айыл өкмөт башчы, райондук архитектуранын мурдагы башчысы кармалды Өзгөндө мурдагы айыл өкмөт башчы, райондук архитектуранын мурдагы башчысы кармалды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/01/1030747355.jpg)
Өзгөн районунда жер тилкелерин жеке менчикке берүү боюнча коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат борбору билдирди.
Маалым болгондой, УКМК тарабынан Өзгөн районунун Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн жана башка мамлекеттик мекемелеринин кызмат адамдарына жана жооптуу адамдарга карата кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча, учурда жер тилкелерин мыйзамсыз берүү фактысы негизинде КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Такталгандай, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 6-ноябрындагы №542 токтому менен 2020-жылдын 20-августундагы бекитилген башкы пландын негизинде Дөң-Булак айыл аймагынын Өзгөрүш айылында жайгашкан 82 жер тилкеси Өзгөн районунун аймагына өзгөртүлгөн. Бирок, кийинчерээк аталган айыл аймагынын айрым кызмат адамдары, ошондой эле Өзгөн архитектура бөлүмдөрү жана «Кадастр» мамлекеттик мекемеси кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, башкы пландарды бурмалап, жер тилкелерин кеңейтип, андан соң тургундарга жеке турак-жай куруу үчүн берилген. Тергөөгө чейинки текшерүү материалдарынын алкагында 31 миллион сом зыян аныкталган.
![Өзгөндө мурдагы айыл өкмөт башчы, райондук архитектуранын мурдагы башчысы кармалды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/01/e076e29b-389b-4a91-8570-08e6000de579.jpg)
«Козголгон кылмыш ишинин алкагында, 2023-жылдын 22-ноябрында төмөндөгүлөр кармалып, КР УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген: Дөң-Булак а/онун мурдагы жетекчиси С.Э.Р.;Өзгөн району боюнча «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин директорунун орун басары Б.А.К.; Өзгөн районунун архитектурасынын мурдагы башчысы А.М.К.»,-деп айтылат маалыматта.
![Өзгөндө мурдагы айыл өкмөт башчы, райондук архитектуранын мурдагы башчысы кармалды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/01/d9536de0-f35a-486f-a8b6-4f87cdf674c8.jpg)
Текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө кармалган жарандардын менчик жер тилкелери жана кыймылсыз мүлкү бар экени, алардын баасы алардын мамлекеттик кызматтагы иш жүзүндөгү расмий кирешесинен кыйла жогору болгону аныкталды.
![Өзгөндө мурдагы айыл өкмөт башчы, райондук архитектуранын мурдагы башчысы кармалды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/01/e3379049-67a2-467c-94ce-23675d97158c.jpg)
Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча тергөө амалдары жана ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.