![Штефан Таркович: "Биз кураманын күйөрмандары жана бүтүндөй өлкө үчүн ойнойбуз" Штефан Таркович: "Биз кураманын күйөрмандары жана бүтүндөй өлкө үчүн ойнойбуз"](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/01/422337685_18411530977000623_4456778747963737005_n.jpg)
Эртең, 25-янврь күнү футбол боюнча улуттук курамдын тайпалык баскычынынын жыйынтыктоочу- Оманга каршы беттеши «Абдулла бин Халифа» стадионунда өтөт. Бүгүн эки команданын башкы машыктыруучулары маалымат жыйын берип, журналисттердин суроолоруна жооп беришти.
Маалымат жыйында Кыргызстан улуттук курамасынын башкы машыктыруучусу Штефан Таркович буларды айтты.
«Оман биздин салттуу атаандашыбыз болуп калды деп айта алабыз. Акыркы алты айда биз эки жолу ойнодук. Биз Омандын бул турнирдеги оюндарын талдадык, алар сапаттуу оюн көргөзүшүп, атаандаштарын жеңип алууга чоң мүмкүнчүлүктөрү болду.Эртеңки оюн абдан маанилүү – биз өлкө үчүн күрөшүп, жакшы натыйжаларды көрсөтө аларыбызды далилдегибиз келет»,-деди ал.
Ошондой эле ал Оман курамасы мыкты даярдыкта экенин белгиледи.
«Оманда жеке сапаттары өнүккөн жана жакшы техникага ээ болгон оюнчулар көп экендигин билебиз. Бирок, биздин өзүбүздүн да максаттарыбыз бар. Эгерде командабыз буга чейин Оманды бир жолу жеңе алса, бул нерсени дагы кайталай алабыз деп ишенем»,-деди ал.
Мындан сырткары башкы машыктыруучу Сауд Арабиясы менен болгон оюнга токтолду.
«Сауд Арабиясы менен болгон оюн, айрыкча, курама команданын жаш оюнчулары үчүн эмоционалдуу болду. Бул Азиянын негизги турнири жана, балким, чоң жоопкерчиликти сезип, кээ бир оюнчулар эмоционалдык жактан чыңалып турду. Биз ар дайым курамада жакшы атмосфераны камсыздоого жана бул үчүн ар бир оюнчу менен иштөөгө аракет кылабыз. Бирок, ошол эле учурда, ар бир оюнчу да эмоцияларын башкарууну, оюндун ар кандай учурларында салкын кандуулукту сактоону үйрөнүшү керек»,-деди ал.
![Штефан Таркович: "Биз кураманын күйөрмандары жана бүтүндөй өлкө үчүн ойнойбуз"](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/01/422341760_18411530962000623_220101210070071475_n-1024x827.jpg)
Штефан Таркович жана Бекжан Сагынбаев
Штефан Таркович тайпадан чыгуу Кыргызстан курамасынын оюнунан гана көз каранды эмес экенин белгилеп, команда күйөрмандар жана өлкө үчүн оюн көрсөтөрүн айтты.
«Азыр биздин команданын турнирдин кийинки баскычына чыгышы, тилекке каршы, бизден гана көз каранды эмес. Бизден көз каранды болгон нерсе алдыдагы оюнда боло турган жыйынтык. Башка тайпадагы беттештердин жыйынтыктарына көз салып турууга мажбурбуз. Эгерде биз тайпадан чыгуу мүмкүнчүлүгүн жогото турган болсок, бул биздин оюнчулардын келе жаткан беттешке болгон мотивациясына эч кандай таасир этпейт деп айта алам. Биз жеңиш же тайпадан чыгуу үчүн гана ойнобойбуз. Биз кураманын күйөрмандары жана бүтүндөй өлкө үчүн ойнойбуз»,-деди Ш. Таркович.
Кыргызстан «F» тайпасында жайгашкан. Анда курама Таиландга (0:2), Сауд Арабияга (0:2) эсебинде утулуп калган. Тайпанын жыйынтыктоочу оюну эртең 25-январда Оман менен Кыргызстандын ортосунда өтөт.