![Блогер Улукбек Карыбек уулунун иши сот өндүрүшүнөн кыскартылды Блогер Улукбек Карыбек уулунун иши сот өндүрүшүнөн кыскартылды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/01/f0b5862c-5c62-48b4-a58f-50cfe45401b3.jpg)
«Бейбаштык» беренеси менен айыпталып, соту жүрүп жактан Улукбек Карыбек уулунун иши сот өндүрүшүнөн кыскартылды. Бул тууралуу Ош облустук сотунун басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, Ош шаардык сотунун 2024-жылдын 25-январындагы токтому менен, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кедексинин 280-бер. 2-б. 1-п. көрсөтүлгөн кылмыш иши соттук териштирүүнүн убагында прокурор айыптоону колдоодон баш тарткандыгына байланыштуу, К.у.У. кылмыш жоопкерчилигинен бошотулуп, кылмыш иш Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 27-бер. 1-б. 14-п. негизинде сот өндүрүшүнөн кыскартылган.
«Сот токтом кабыл алууда төмөндөгүлөргө негиздеген:
Прокурор соттук териштирүүнүн убагында айыптоону колдоодон баш тарткан учурда, кылмыш иш кыскартылууга жатарын, жосун анча оор эмес кылмыштардын курамына таандык экендигин эске алган»,-деп айтылат маалыматта.
2023-жылы 12-июлда Улукбек Карыбек уулу Ютуб каналына “Ош облустук оңолбос төрөт үйү” деген аталыштагы видео жарыялаган. Анда бейтаптардын дарыгерлер акча талап кылганын айтып берген маектерин көрүүгө болот.
2023-жылы 7-июлда Ош шаардык милициясы төрөт үйүнүн дарыгерлеринен бирөөлөр арткы эшикти бузуп кирип, уруксатсыз видеого тартып, догдурлардын жумушуна тоскоолдук кылып жатканы, дээрлик 37 миң сомдук чыгым келтирилгени тууралуу маалымат түшкөнүн, мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранышканын билдирген. Блогерге Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” беренесинин негизинде иш козголгон.
Өткөн жылдын 16-июлунда Ош шаардык соту Карыбек уулунун кармалышын мыйзамдуу деп таап, тергөөчүнүн аны эки айга камоо тууралуу өтүнүчүн четке каккан жана блогерди эч жакка кетпөө жөнүндөгү тил каты менен бошоткон.