![Бүгүн Кыргызстан менен Оман үчүнчү орун үчүн ойнойт Бүгүн Кыргызстан менен Оман үчүнчү орун үчүн ойнойт](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/01/420104957_785655743604818_7013673720139494880_n.jpg)
Бүгүн, 25-январда Кыргыз Республикасынын Улуттук курамасы Катарда өтүп жаткан футбол боюнча негизги континенталдык турнир – 2023- жылкы Азия Кубогунда Оман курамасы менен оюнда кез келет.
Кыргыз футбол союзунан кабарлашкандай, турнирдин «F» тайпасынын жыйынтыктоочу турунун алкагында орун ала турган беттеш «Абдулла Бин Халифа» стадионунда өтөт. Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 21:00да старт алат.
Кыргыз Республикасынын Улуттук курама командасы Азия биринчилигинде өз тарыхында экинчи жолу ойноп жатат. Ага жалпысынан 24 Улуттук футбол боюнча курама командалары катышып, алар төрт командадан турган алты тайпага бөлүнгөн.
Тайпалык этаптын жыйынтыгы боюнча турнирдин плей-офф баскычына ар бир квартеттен эң мыкты эки команда, ошондой эле тайпада 3-орунду ээлегендердин ичинен эң мыкты 4 курамалар чыгууда.
Кыргыз Республикасынын курамасы тайпанын үчүнчү орунунда жайгашып, кийинки баскычка жолдомо алуусу үчүн бүгүнкү оюнда атаандашты 2 гол айырма менен жеңиши зарыл.
«F» квартетиндеги Таиланд жана Сауд Арабия курамалары Бишкек убактысы боюнча 21:00до оюнда кез келишет.