![Камчыбек Ташиев: Раим Матраимовдун бардык мал-мүлкүн алабыз Камчыбек Ташиев: Раим Матраимовдун бардык мал-мүлкүн алабыз](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/01/1029317236_0_0_0_0_1920x0_80_0_0_aba11824a5977cc2202a8f2fb0425f34.jpg)
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Кара-Суудагы базарлардын соодагерлери менен болгон жолугушууда Раимбек Матраимов тууралуу төмөндөгүлөрдү айтты.
Камчыбек Ташие бүгүн, 27-январь күнү З. Бабур атындагы орто мектептин короосунда соодагерлер менен жолуккан.
Бир катар ЖМКлар жазгандай, Ташиев Матраимовдордун кланы мындан ары болбой турганын, Раим Матраимовдун мал-мүлкү мамлекетке өтөрүн айткан.
«Анын бардык мал-мүлкүн мамлекетке алабыз, бир сотых жерин калтырбайбыз. Ал жөнөкөй адам болуп, мурдагы кыйын «Раим Миллион» болбойт эми. Силердин араңарда жөнөкөй адам болуп, Кара-Суудан бир точка алып, соода кылса жанын багат. Соода кылбай жатса, анда өзүнө-өзү кыйынчылык болот. Мурдагыдай клан деген болбойт. Бир дагы Матраимовдордун кланы болбойт. Ошолордун кланын жок кылабыз деп, Ош облусунун тегерегинде эле элүүгө жакын мамлекеттик органдын ар түрдүү жетекчилерин кызматтан алдык»,-деген К. Ташиев.