![Кыргыз футбол союзунун аткаруу комитети ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту Кыргыз футбол союзунун аткаруу комитети ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/01/423004684_788273756676350_8308000927227568454_n.jpg)
Бүгүн, 29-январь күнү Кыргыз футболдук союзунун кеңсесинде КФСтин Аткаруу комитетинин кезектеги жыйыны болуп өттү. Отурумдун бекитилген күн тартибине ылайык, футбол боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук курама командасынын 2023-жылкы Азия Кубогундагы өткөргөн оюндарынын жалпы жыйынтыгы тууралуу КФСтин Президенти Медербек Сыдыков маалымат берди. Медербек Сыдыков курама команданын аталган турнирдеги жыйынтыгын эске алып, отставкага кетүү чечимин кабыл алгандыгын билдирди.
Кыргыз футбол союзунан кабарлашкандай, президенттин билдирүүсүн эске алып, КФСтин коллегиалдуу аткаруу органы болгон Аткаруу комитет өзүнүн жоопкерчилигин түшүнүү менен комитетинин бардык курамынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндөгү чечимин кабыл алды.
![Кыргыз футбол союзунун аткаруу комитети ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/01/232471626_4171860662850712_368440493067904977_n.jpg)
Медербек Сыдыков. Сүрөт: КФС
«Бул чечим ата-мекендик футболду өнүктүрүүнүн жаңы багытын аныктоого, ошондой эле КФСтин жетекчилигинин курамына жаңы адистерди тартуу зарылчылыгы менен негизделди.КФСтин Президентинин ыйгарым укуктары, учурдагы Аткаруу комитетинин курамы сыяктуу эле, 2024-жылдын 19-февралында өтө турган КФСтин Кезексиз Конгресси өткөрүлгөнгө чейин өз күчүндө болот. Бул конгрессте КФСтин Президенти жана Аткаруу комитети шайланат»,-деп айтылмат маалыматта.
Медербек Сыдыков президенттик кызматына 2021-жылдын октябрь айында, ал эми Аткаруу комитетинин учурдагы курамы 2022-жылдын апрелинде шайланган.