Ички иштер органдары өз милдеттерин аткарууда, укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алууда, бөгөт коюуда, эл арасында профилактикалык иштерди жана жаштар арасында тарбиялык, агартуу иштерин жүргүзүүдө, жарандар менен маектешүүдө, баарлашууда же элдик жыйындарда коомчулукка кайрылуу жасоодо, ошондой эле мыйзамдын талаптарын сактоодо жарандарга ишенимдүү, так, таамай жеткирүүдө чыгармачылык менен жаңыча ыкмаларды колдонуп, эл арасында ишенимге ээ болуу максатында 2024-жылдын 22-январынан 26-январына чейин оратордук чеберчиликти күнүмдүк жумушта колдонуу жана өздөштүрүү боюнча методикалык сабактар өткөрүлдү.
Ош ОИИБдин маалымат кызматы билдиргендей, бул иш-чара Кыргыз милицияснын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата Ош облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан уюштурулду. Сабак өтүү үчүн Бишкек шаарынан “Табарман” өнүктүрүү академиясынын оратордук чеберчилик боюнча коуч-тренери Нариман Кадырбеков чакырылды.
Окутуу сабагына башкармалыктын коомдук коопсуздук кызматынын милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлдөрү, жашы жете электердин иши боюнча аймактык тескөөчүлөрү, милициянын кайгуул күзөт кызматынын өзүнчө батальонунун, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкрелери, райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилиги жана ардагерлер катышты.
Сабакта, оратордук чеберчилик өнөрдүн мамлекеттик кызматкерлерге болгон пайдалуу жактары ачылып, коом ишенимине ээ болуудагы тиешелүү эрежелердин так сакталып аткарылышына практикалык көнүгүүлөр менен, кызыктуу инсайттык билим берилди.
Жыйынтыгында окутуу машыгуу курсуна катышкан ар бир кызматкерге жогоруда белгиленген окуу жайдын сертификаттары тапшырылды. Бул окутуу сабагы ар бир кызматкер өзүн-өзү өнүктүрүүнүн үстүндө иштөөгө зор шыктандыруу жаратты.
Мындан ары да кызматкерлер арасында кызматтык тартипти жана мыйзамдуулукту бекемдөөдө, жарандардын арыз-даттаннууларын ыкчам жана мыйзам чегинде чечүүдө, эл менен болгон мамиледе жогорку маданияттуулукту көрсөтүү максатында окутуулар жер-жерлердеги райондук ички иштер бөлүмдөрүндө улантылмакчы.