![УКМК: Талас ОИИБдин кызматкери пара менен кармалды УКМК: Талас ОИИБдин кызматкери пара менен кармалды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/01/97d3aee4-dc3c-463b-b7b5-b2244a2a664b.jpg)
Талас облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат борбору кабарлады.
Маалыматка караганда, УКМК менен Ички иштер министрлигинин ички иликтөө кызматы менен биргеликте Талас облусунун аймагында ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, пара алып жаткан жеринен Талас облусунун ички иштер башкармалыгынын кайгуул-күзөт кызматынын кызматкери, милициянын сержанты Б.у.Н. кармалды.
Атап айтканда, Б.у.Н. системалуу негизде Талас районундагы соода түйүндөрүндө иштеген ыктыярчылардан акча каражаты алып турган. Учурда жогорудагы фактыларга тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
![УКМК: Талас ОИИБдин кызматкери пара менен кармалды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/01/7ddc766f-c572-45a1-bb33-090041c46924-1024x558.jpg)
КР УКМК жарандарды укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттеринин фактылары боюнча 0312-66-04-75 телефонуна аркылуу билдирүүгө чакырат, анонимдүүлүккө кепилдик берилет.