![Украин аскеринин саны канча? Зеленский жооп берди Украин аскеринин саны канча? Зеленский жооп берди](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/01/267563774_0_0_3072_1536_1920x0_80_0_0_6738523c45995c8dbee9ff8125188800.jpg)
Украин аскеринин саны 880 миң адамды түзөт. Бул тууралуу Украинанын президентти Владимир Зеленский Германиянын ARD телеканалына берген маегинде билдирди, деп жазат CentralAsia.media
«Биздин армиянын саны 880 адамды түзөт. Бизде миллиондогон армиябыз бар. Ошол эле маалда бизде 30 млн адам бар. Тактап айтканда 30 млн адам иштеп жатат. Балким андан бир көбүрөөк болушу мүмкүн. Так санын айта албайм»,-деген Зеленский.
Зеленскийдин айтымында, Орусиянын Украинага карата аскердик операциялары башталгандан бери канча адам Украинаны таштап кеткени белгисиз. Бирок, Украин лидеринин пикири боюнча 6,5-7,5 млн адам чыгып кеткен.
2023-жылдын декабрында Зеленский Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн кургактагы күчтөрүндө 600 миң адам кызмат өтөөрүн айткан.