![Адамдын мээсине алгачкы жолу нейрочип орнотулду Адамдын мээсине алгачкы жолу нейрочип орнотулду](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/01/2420510.ea200fa4438019d3f7b2fb92bb51594d.jpg)
Адам биринчи жолу ойлордун жардамы менен гаджеттерди колдонууга мүмкүндүк берген Neuralink нейрочипине ээ болду, деп жазган Илон Маск X (мурдагы Twitter) баракчасына.
«Кечээ алгачкы адам Neuralink компаниясынан имплант алды жана жакшы болуп жатат. Алгачкы жыйынтыктар нейрондук стимулдарды аныктоону көрсөтүп турат », — деп жазган ал.
«Марал» радиосу жазгандай, аппарат чиптен жана кулакка бекитилүүчү капсуладан турат. Масктын билдирүүсүнө караганда, ал шал болуп калган адамдын кандайдыр бир кыймылдарды жасоосуна мүмкүндүк берет, протез менен баскандар да колдонсо болот.
Neuralink компаниясы 2016-жылы түптөлгөн. Алар алгачкы экспериментти 2020-жылы чочкого, 2021-жылы маймылга жасап көрүшкөн.
2023-жылдын май айында бул тажрыйбаны адамдарга да колдонуп көрүүгө уруксат алган. Ошондон бери экспериментке макулдук бере турган ыктыярчыны издеп келишкен. Бирок эки ай мурда АКШнын Азык-түлүк жана дары-дармек башкармалыгы компаниянын арызына уруксатты кайра жокко чыгарган.