![Марстан рекорддук деңгээлде чоң муздар табылды Марстан рекорддук деңгээлде чоң муздар табылды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/01/2416425.ce356fa76dceafc956d67dc527c8e013.jpg)
Марс планетасында рекорддук деңгээлдеги чоң муздар табылды. Мындай маалыматты Европа Космос агенттиги расмий баракчасында маалымдаганын бир катар ЖМКлар жазды.
Маалыматка ылайык, Марста чоң муздар бар экенин Европа Космос агентигинин «Марс-Экспресс» орбиталык аппараты аныктаган. Эгер бул муздар ээрисе кызыл планетаны бүт каптаган терең эмес океандар пайда болот.
Мурда Марстта муз калдыктары табылганы менен бул жолкусу эң чоңу болуп калды. «Марс-Экспресстен» келген сигналдарды талдагандан кийин муз катмарлары планетанын экваторунда жайгашканы маалым болгон. Муз катмарлар 3,5 чакырым тереңге чейин жайгашкан. Аталган катмарлар 4 чакырымга созулган бекемделген күл жана чаң кыртышынын астында турат.
Окумуштуулардын айтымында, муз катмарлар ээрисе кызыл планетаны 1,5 метрден 2,7 метрге чейин үзгүлтүксүз суу каптап калат.