Журналист Шайырбек Абдырахман уулу Кыргыз улуттук «Манас» театрынын директорунун орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу бир катар ЖМКлар театрдын басма сөз кызматына шилтеме берүү менен жазышууда.
Буга чейин аталган кызматта төкмө акын Чыңгызхан Кожошев аркалап келген. Ал өз ыктыяры менен кызматын өткөрүп берген.
Шайырбек Абдырахман уулу жана Чыңгызхан Кожошев
«Манас» театры 2021-жылдын сентябрь айында «Манас» эпосун, кенже эпосторду, дастанчылардын чыгармачылыгын сактоо жана жайылтуу максатында түптөлгөн. Президенттин 2022-жылдын 17-февралындагы жарлыгы менен улуттук макам берилген.