![Чоңдугу асман тиреген имараттай астероид Жерди карай учуп келүүдө Чоңдугу асман тиреген имараттай астероид Жерди карай учуп келүүдө](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/02/6c12f46b-cf4b-441d-a267-98487bf80e9a.jpg)
Иллюстрациялык сүрөт
Бүгүн, 2 февралда чоңдугу асман тиреген имараттай астероид 2,7 млн чакырым аралыктан Жерди көздөй учат. Бул тууралуу CentralAsia.media басылмасы The Guardian басылмасына шилтемелеп жазды.
«Кабатырланбаңыз. Ал астероиддин Жерге урунуп кетүү коркунучу жок. Анткени ал Жерден Айга чейинки аралыктан жети эсе алыстыктан, биздин планетанын жанынан учуп өтөт»,-деп кабарлады NASA.
НАСАнын Жерге жакын объектилерди изилдөө борбору астероиддин диаметри 480 метрге чейин болушу мүмкүн деп эсептейт. Бул астероиддин көлөмүн Нью-Йорк шаарындагы «Эмпайр Стейт Билдинг» имараты (102 кабаттуу асман тиреген имарат) менен салыштырууга болот дегенди билдирет. Астероид 2008-жылы ачылган жана 2008-жылы OS7 деген ысым менен белгиленген. Мындай астероид 2032-жылы дагы Жерден 72 миллион км алыстыктан учуп өтөт.