![Эльдар Абакировго депутаттык мандат берилди Эльдар Абакировго депутаттык мандат берилди](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/02/1049511305_584_0_2631_2047_1920x0_80_0_0_4237050de2a0e0d8e0ac40a84a2a1c10.jpg)
Эльдар Абакировду БШК Жогорк Кеңештин депутаты кылып каттады. Абакировго Эмил Жамгырчиевдин мандаты берилгени белгилүү болду.
Абакировго депутатка берилүүчү документтер- күбөлүк жана төш белги берилди.
Буга чейин мандатынан ажыратылган Эмил Жамгырчиевге мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү боюнча айып тагылып, сот баш коргоо чарасы катары камак түрүн тандап, Жамгырчиев 26-февралга чейин камакта калган.