![Ош шаарынын командасы райондор аралык көк бөрү мелдешинин чемпиону болду Ош шаарынын командасы райондор аралык көк бөрү мелдешинин чемпиону болду](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/02/d8fbee78-d40a-4bcc-8a79-757638569ed4.jpg)
Бүгүн, 2-февраль күнү Ош шаарындагы «Төлөйкөн» ат майданында көк бөрү боюнча райондор аралык мелдеш жыйынтыкталды. Мелдештин финалында Ош шаарынын командасы менен Кара-Кулжанын командасы кез келип, Ош шаарынын командасы 4:2 эсебинде Кара-Кулжа районунун командасы жеңген.
Мелдештин жыйынтыгында:
1 орунду Ош шаарынын командасы ээлеп, 150 миң сом алган;
2-орунду Кара-Кулжа командасы алып, 100 миң сомго татыктуу болгон;
3-Орунга Өзгөн районунун командасы татыктуу болуп, 70 миң сом менен сыйланган;
4-орунду Ноокат командасы багындырып, 30 миң сомго алган;
Калган катышуучу болгон 3 командага 10 миң сомдон акчалай сыйлыктар ыйгарылган.
Ошондой эле, мелдештин натыйжасында «Мыкты оюнчу», «Мыкты чабуулчу», «Мыкты аргымак», «Мыкты коргоочу» наамдарынын ээлери аныкталып, 5 миң сомдон акчалай байгелер тапшырылган.
Байге фондун Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү каржылаган.
Көк бөрү боюнча райондор аралык мелдеш кечээ, 1-февраль күнү башталган болчу.
![Ош шаарынын командасы райондор аралык көк бөрү мелдешинин чемпиону болду](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/02/2c65fcc5-72df-4cbc-8223-0d1613ed89ce-950x1024.jpg)
![Ош шаарынын командасы райондор аралык көк бөрү мелдешинин чемпиону болду](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/02/6d9a6866-1c13-4207-98dc-f8550ec8efcc-898x1024.jpg)
![Ош шаарынын командасы райондор аралык көк бөрү мелдешинин чемпиону болду](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/02/37924cc6-a2d6-4c76-898f-837212a629ea-906x1024.jpg)
Сүрөттөр Ош облустук көк бөрү федерациясына таандык