![Садыр Жапаров Бишкек ЖЭБге барды Садыр Жапаров Бишкек ЖЭБге барды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/02/2426689.ab592da1f24f57b9c4cccceb206902ad.jpg)
Президент Садыр Жапаров Бишкек Жылуулук электр борборуна барды. Калыбына келтирүү иштери менен жеринен таанышты, деп билдирди басма сөз кызматы.
Президент Бишкек ЖЭБдин ишин тез арада калыбына келтирүү боюнча кечиктирилгис тапшырмаларды берди. Учуруда бардык тиешелүү кызматтар күчөтүлгөн тартипте кызматын улантууда.
![Садыр Жапаров Бишкек ЖЭБге барды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/02/2426687.25ef2455ce364232b2f3312c7c82b2be.jpg)
Бүгүн, 2-февраль күнү түнкү саат 3:00 чамасында Бишкек ЖЭБде жарылуу болгон. Анын кесепетинен көпчүлүк үйдө ысык суу менен жылуулук жок. Шаардагы мектеп жана бала бакчалар убактылуу араылктан иштеп жатышат.
Жарылуунун кесепетинин бир нече адам жараат алып, эки адам жандандыруу бөлүүндө дарыланып жатканы маалым болду.