![Кара-Сууда аңчылар үч карышкыр, бир чөө атышты Кара-Сууда аңчылар үч карышкыр, бир чөө атышты](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/02/sequence-02.00_02_57_20.still004.jpg)
Ош облусунун Кара-Суу районунун Папан айыл аймагынын Ата-Мерек жайлоосунан мергенчилер 3 карышкырды атып алышты. Бул тууралуу Жаратылышы ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин биотүрдүүлүктү жана өзгөчө корголуучу жаратылышты коргоо кызматынын Ош аймактык башкармалыгынын Кара-Суу району боюнча аңчы адиси Урустамали Абдикаримов билдирди.
Анын айтымында, аңчылардын эки тобу 5 карышкырды туш тарабынан тосуп, үчөөнү атып алышкан.
![Кара-Сууда аңчылар үч карышкыр, бир чөө атышты](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/02/sequence-02.00_02_29_06.still002.jpg)
«Үч ургаачы карышкырлар кечээ, 4-февраль күнү Ата-Мерек жайлоосунан атылды. Аңчылар туш тарабынан оруп туруп, беш карышкырдан үчөөнү атып алган. Ал эми 1 чөө Папан айыл аймагынан атылды. Азыркы күндө аңчылардын дагы эки тобу Кожокелең айылынын Кара-Кур участкасында 7 карышкырды аңдып жүрүшөт.Папан айыл аймагынан, Ата-Мерек жайлоосу,Кара-Сөгөт айылы болуп, жалпы 15 жылкыны жеп койду карышкырлар. Азыр аңчылардын бир нече тобу иштеп жатышат. Кыргызстан боюнча 28-январь күнү аңчылык мезгили жабылган. Ошону үчүн ар бир топко бештен аңчыны кошуп, карышкыр атууга лицензия берип, анан атууга чыгарып жатабыз»,-деди У Абдикаримов.