![Президент казак өкмөтүн оставкага кетирди Президент казак өкмөтүн оставкага кетирди](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/02/1756449.8a9fc82e756057dec81d396e500e58cf.jpg)
Казакстандын өкмөтүн президент Касым-Жомарт Токаев оставкага кетирди, деп маалымдайт Акорданын сайты.
Маалыматка караганда, Казакстан Республикасынын Конституциясынын 70-беренесине ылайык, Касым-Жомарт Токаев өкмөттүн оставкасын кабыл алуу жөнүндө токтом кылган.
Мамлекет башчынын жарлыгына ылайык, Казакстандын премьер-министринин милдеттери убактылуу Роман Склярга жүктөлдү.
«Казакстан өкмөтүнүн мүчөлөрү жаңы курам бекитилмейинчи өз милдеттерин аткарууну улантышат»,-деген К. Токаев.
Оставкага кеткен Алихан Смаилов премьер-министр кызматына 2022-жылдын январында дайындалган болчу.