![Футзал боюнча кыз-келиндер командасы эки оюндан кийин биринчи орунга чыкты Футзал боюнча кыз-келиндер командасы эки оюндан кийин биринчи орунга чыкты](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/02/1082443476_0_75_1440_885_1920x0_80_0_0_23af73ca21c8a467292fd2c57f241535.jpg)
Футзал боюнча Кыргызстандын кыз-келиндер курама командасы Борбор Азия футбол ассоциациясынын чемпионатында эки оюндан кийин 6 упай алып биринчи сапка чыкты.
Чемпионат ушул күндөрү Тажикстандын борбору Душанбе шаарында болуп жатат. Ага Иран, Өзбекстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстандын командалары катышууда.
Мелдеште ар бир курама бири-бири менен бирден оюн өткөрөт. Натыйжада эң көп упай алган команда чемпион болот.
Кыргызстандын курамасы Түркмөнстандын командасын 3:1ге, Тажикстандын командасын 4:2ге жеңип, 6 упай менен азырынча бул тайпанын лидерине айланды.
https://www.instagram.com/p/C2-PbzWsgRr/?utm_source=ig_web_copy_link&igsh=MzRlODBiNWFlZA==
![Футзал боюнча кыз-келиндер командасы эки оюндан кийин биринчи орунга чыкты](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/02/faa77e58-72cb-41bb-9b0a-ec78ad14a474-814x1024.jpg)