![Улуу Британиянын падышасы Карл IIIтөн рак аныкталды Улуу Британиянын падышасы Карл IIIтөн рак аныкталды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/02/ap22131769080102jpg_4f0.jpg)
Улуу Британиянын падышасы Карл IIIтөн залалдуу шишиктер аныкталды. Бул тууралуу Букингем сарайына шилтемелеп CentralAsia.media жазды.
Маалыматка караганда, жакында падышанын простата безинин чоңоюшу боюнча ооруканадагы процедурасында өзүнчө тынчсыздануу маселеси жаралаган.Кийинки диагностикалык текшерүүлөр падышадан рактын бир түрүн аныктаган.
Бул иштертен улам дарыгерлер ага коомдук иштерди кийинкиге жылдырууну кеңеш кылышкан.
Карл III жана жубайы Камиланын 2023-жылдын 6-майында Вестминстер аббаттыгында таажы кийгизүү жөрөлгөсү болуп өткөн. Расмий түрдө Карл III 2022-жылдын 8-сентябрында апасы-королева Елизавета II каза болгон күндөн эртеси падыша болгон.