![Кыргыз футболчулары "Барселонанын" академияларынын дүйнөлүк чемпионатына катышат Кыргыз футболчулары "Барселонанын" академияларынын дүйнөлүк чемпионатына катышат](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/02/osn4.jpg)
Кыргызстандын футболчулары «Барселонанын» академияларынын дүйнөлүк чемпионатына катышат. Бул тууралуу аталган клубдун Жалал-Абаддагы академиясынын директору Эр-Улан Абдыкеримов «АКИпрессте» өткөн маалымат жыйында айтканын «Sport АКИpress» жазды.
Маалыматка караганда, мелдеш ушул жылдын 25-28-март күндөрү Испанияда өтөт. Мелдешке Кыргызстандан үч команда — 14 жашка чейинкилерден куралган эки команда, 12 жашка чейинки балдардан куралган бир команда барат.
![Кыргыз футболчулары "Барселонанын" академияларынын дүйнөлүк чемпионатына катышат](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/02/2434410.df979df123740fdfa7a63303e0911b42.jpg)
Сүрөт: АКИпресс
«Аталган үч команданын курамына Кыргызстандын бардык аймагынан келип, «Барсанын» Жалал-Абаддагы академиясында тарбияланып жаткан өспүрүмдөр, ошондой эле Өзбестандан, Тажикстандан келген өспүрүмдөр кошулат»,-деди Э. Абдыкеримов.
Ал кошумчалагандай, «Барселонанын» Бишкектеги академиясынын курулушу башталып, аны ушул жылдын күзүндө бүтүрүү пландалууда.
«Биринчи кезекте административдик имаратты курууну пландап жатабыз, мындан сырткары 15 миң адамга ылайыкташкан стадион да курулат»,-деди Э. Абдыкеримов.