![Ноокатта 150 орундуу мектеп пайдаланууга берилди Ноокатта 150 орундуу мектеп пайдаланууга берилди](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/02/425780743_430514472647730_2394514785645220517_n.jpg)
Ноокат районунда жаңы мектеп колдонууга берилди. Бул тууралуу Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Жантаев Ноокат районунун Калдай айылында курулушу бүткөн 150 орундуу мектептин айылындагы мектептин ачылыш аземине катышты.
![Ноокатта 150 орундуу мектеп пайдаланууга берилди](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/02/425760756_430514562647721_5441436264295791169_n-1024x682.jpg)
«Билим уясы мамлекеттик бюджеттен каржыланган, сметалык баасы 102 млн 458 миң сом. Учурда курулуп жаткан мектептер сыяктуу эле толук шарты менен салынды»,-деп айтылат маалыматта.
![Ноокатта 150 орундуу мектеп пайдаланууга берилди](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/02/425812100_430514509314393_6225772112161419088_n-1024x682.jpg)
Мектептин имаратынын курулушу 2022-жылдын апрель айында башталган.
![Ноокатта 150 орундуу мектеп пайдаланууга берилди](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/02/425780327_430514612647716_213456847674061488_n-1024x682.jpg)