Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаровдун, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Жантаевдин, орун басарлардын, райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдер, облустук мекеме-ишканалардын жана жогорку окуу жайларынын жетекчилеринин катышуусунда коллегиялык жыйыны өттү.
Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы кабарлагандай, күн тартибинде Ош облусунун 2023-жылга карата жумуштардын жыйынтыктары чыгарылып, 2024-жылга коюлган максаттар, ошондой эле пландалган иштер жана ири долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
Облус башчысы Эльчибек Джантаев 2024-жылга коюлган максаттар менен тааныштырып, пландалган иштерге жана маанилүү долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүнө токтолду. 2023-жылы аткарылган жалпы иштердин жыйынтыгы боюнча өкүлдүн биринчи орун басары Шайлообек Козубаев маалымат берип, суроолорго жооп берди.
Жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров билим берүүнүн сапатын жогорулатууга өзгөчө көңүл буруу керектигин баса белгиледи.
«Бизде эң негизги инвестиция билимге, келечек муунга болушу керек. Биздин эң чоң байлыгыбыз-элибиз. Мектептерди жаңылап, мугалимдердин айлыгын көтөрөлү деп аракет көрүп жатабыз, эми мектептеги билим сапатына ар бир облустук жана райондук жетекчилер катуу көңүл бөлүүнү талап кылабыз», -деди Акылбек Жапаров.
Минкаб башчысы республикалык бюджеттин өсүүсүнөн улам, ар бир райондордогу курулуштарга салынган мамлекеттик каражаттардын көлөмү 1 млрд сомго жетип жатканын айтып, бул өз кезегинде жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүн дагы да демилгелүү болуусуна түрткү болушу керектигин белгиледи.
«Жеке менчикти күтпөгүлө, аларды эле карап отурбастан, жаңы ишканаларды, жумушчу орундарды түзгүлө. Биз силерге ушундай тапшырма коёбуз. Элдин бакубат жашоосу – биздин милдет!», -деди Акылбек Жапаров.
Коллегиянын жыйынтыгында Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров иштин майнаптуу жүрүшү үчүн жергиликтүү жетекчилерге бир катар тапшырмаларды берди.
Облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө өз салымын кошкон жана 2023-жыл ичинде аткарган ишинде жакшы ийгиликтерди жараткан мыкты айыл өкмөт жана мекемелердин эмгеги бааланып, сыйланды.