![Райымбек Матраимовдун 3 млрддан ашык суммага бааланган мүлктөрү мамлекетке өттү Райымбек Матраимовдун 3 млрддан ашык суммага бааланган мүлктөрү мамлекетке өттү](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/02/2435794.00c2195bc803eaed099b74f87fa7bd25.jpg)
Р.Матраимовдун жалпы баасы 34 млн 810 миң 500 АКШ долларлык (3 млрд 98 млн 134 миң сом) кыймылсыз мүлкү мамлекеттин менчигине өткөрүлдү. Бул тууралуу УКМКнын маалымат борбору билдирди.
Маалыматка ылайык, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан Президенти С.Жапаровдун кылмыштуу топтордун, кландардын ишмердүүлүгүн бөгөттөө боюнча саясатын алдыга жылдыруунун алкагында, Р.Матраимовго козголгон кылмыш иши боюнча тиешелүү комплекстүү издөө-иликтөө иш-чаралары улантылууда.
Тактап айтканда, Р.Матраимов жана анын жакын санаалаштары тарабынан мыйзамсыз жол менен алынган мүлктөрдү мамлекеттин менчигине кайтарып алуу боюнча тиешелүү ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп, жыйынтыгында жалпы баасы 34 млн 810 миң 500 АКШ долларын (3 млрд 98 млн 134 миң сом) түзгөн төмөндөгү объекттер мамлекеттин менчигине өткөрүлүп берилди.
— Бишкек шаарындагы Киев-Тыныстанов көчөсүндө жайгашкан 5 кабаттуу «Бай Таш мунарасы» турак жай комплекси, жалпы аянты 8148,5 чарчы метр, алдын ала баасы 16 млн 297 миң АКШ долларды түзөт;
![Райымбек Матраимовдун 3 млрддан ашык суммага бааланган мүлктөрү мамлекетке өттү](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/02/a5f97ab6-755f-4af1-ac7f-14682054ba95-1024x576.jpg)
— Ош шаарындагы Төлөйкөн кичирайонунда жайгашкан «Ихлас» курулуш компаниясынын турак эмес, коммерциялык имараттары, жалпы аянты 5085 чарчы метр, алдын ала баасы 7 млн 627 миң АКШ долларын түзөт;
![Райымбек Матраимовдун 3 млрддан ашык суммага бааланган мүлктөрү мамлекетке өттү](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/02/571208fc-220c-402f-ba32-094eecba79b9-1024x576.jpg)
— Ош облусунун Кара-Суу районунун аймагындагы 3,87 га жер тилкеси менен «БИМИ Ош сервис» БКЖ (бажылык каттоо жери) алдын ала баасы 4 млн. АКШ долларын түзөт;
![Райымбек Матраимовдун 3 млрддан ашык суммага бааланган мүлктөрү мамлекетке өттү](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/02/21e83688-9a4e-4783-a97f-3cb1a1d80825-1024x576.jpg)
— Бишкек шаарынын Рыскулов көчөсүнүн 79 Б дарегинде жайгашкан «Эрем» спорт клубу, жалпы аянты 538 чарчы метр, болжолдуу баасы 1 млн АКШ доллары;
![Райымбек Матраимовдун 3 млрддан ашык суммага бааланган мүлктөрү мамлекетке өттү](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/02/63cfe53d-fca2-47b6-abe9-a206eee53783-1024x576.jpg)
— Бишкек шаарынын Ж.Пудовкин көчөсүнүн 82/2 дарегинде жайгашкан 2 корпус, офис кеңсеси, жалпы аянты 700 чарчы метр, болжолдуу баасы 2 млн 500 миң АКШ долларды түзөт;
![Райымбек Матраимовдун 3 млрддан ашык суммага бааланган мүлктөрү мамлекетке өттү](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/02/1660d5e1-ae7d-4178-b2d8-5f62742246de-1024x576.jpg)
— Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы 37,3 га жер тилкеси менен «Юни Лаб» БКЖ(бажылык каттоо жери) болжолдуу баасы 1 млн 286 миң АКШ доллары;
![Райымбек Матраимовдун 3 млрддан ашык суммага бааланган мүлктөрү мамлекетке өттү](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/02/2b8b9ef5-59a4-4d83-af18-ad8f6aac5009-1024x576.jpg)
— Ош шаарынын А.Масалиев көчөсүндө жайгашкан «Имарат Стиль» ЖЧКсына тиешелүү «ИМПЕРИАЛ» турак жай эмес коммерциялык имараты, жалпы аянты 1400 чарчы метр, болжолдуу баасы 2 млн. 100 миң АКШ долларын түзөт.
![Райымбек Матраимовдун 3 млрддан ашык суммага бааланган мүлктөрү мамлекетке өттү](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/02/8fd6af9e-447e-4db9-92e8-787dd265e109-1024x576.jpg)
Учурда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан Р.Матраимовдун кылмыш жолу менен алынган кошумча мүлктөрүн аныктоо жана мамлекеттин менчигине өткөрүү боюнча тиешелүү комплекстүү иш-чаралар улантылууда.